ЖАКтын төрайымы Б.К.Тыналиевага профессор Абдыкадыр Садыковдон ачык кат

ЖАКтын төрайымы Б.К.Тыналиевага!

Урматтуу Бакыт Карыбековна!

ЖАК 11-июнда «изденүүчү Чотукеева коргосун» деп чечим чыгарыптыр. Андан бери потерпевший (ыза көргөн) адам катары мен официалдуу жооп ала элекмин. Бул адам укугун сыйлабастык деп түшүнөм. Азыркы жүзү кара коомдо кээ бир нерви боштор чындыкка жете албай, өздөрүнүн жандарын кыйып ийип жатпайбы! Кудай анын бетин ары кылсын.

Мен Чотукееванын зордукчул ууру экендигин толук билем, бирок, силер аны мойнуңарга албай жатканыңар мага такыр түшүнүксүз. Мен өзүңүзгө эки-үч жолу кат жаздым эле, мени туура эле түшүнгөндөй мамиле көрсөткөнсүз, бирок, эмне үчүн чындыктан кайра артка чегинип кеттиңиз, же баягы «кыргызчылык» жана башка «чылыктар» (былыктар) роль ойноп кеттиби?!

Басма сөздөрдө «соискательство» жоюлганга чейин бир топ авторитеттүү адамдар материалды өздөрү жыйнап берип, атайын жалдап алган редакторлорго диссертациялар жаздыргандыгы тууралуу маалыматтар көп эле чыккан. Демек, алардын абийири таза, темасын түшүнөт. Ал эми биздин (азыр Сиздин да) Чотукееванын «жазган» эмгеги тууралуу эмне айтууга болот? Темасы Турсун заденин кыргызча которулган  чыгармаларын илимий талдоодон өткөрүү. Котормо таануу өзүнчө илим, анын көптөгөн татаал маселелери бар. Аны атайын окуп, үйрөнүп, анан бирдеме жазуу керек. Чотукеева менде соискатель болуп 2-3 жыл жүрдү. Анын котормо теориясы жана практикасы боюнча таптакыр түшүнүгү жок экендигине толук көзүм жеткен. Ошол колунан келбегени үчүн мага жагынып, «агайлап» жатып диссертация жаздырган. Кийин жетекчиликти болсо Тиллебаев деген жердешине берген, б.а. буйрук ошого чыгарылган.

Мен көп сүйлөгөн менен силерди ишендире албайт экенмин.узун сөздүн кыскасы «противозаконно» (мыйзамды бузуп) буйрук  (чечим) чыгарыпсынар. Эми ууруну корготуп, элди убара кылбай эле диплом жазып береринер калды. Адистештерилген Кеңештин мүчөлөрүнүн көбү көрүп турган кемчиликтерди  айтышпайт, талашып-тартышууну (кайым атышууну) унутушкан, жазылган диссертациянын баары эле «классика» болуп чыга келет. Демек, Чотукеевага да ошондой «наам» ыйгарылат.

Баракелде! Кайран гана капитализм жүзү каралыгын көп эле жолу көрсөткөн. Мен айткан факты ошонун биридир.

Сизди урматтоо менен профессор А.Садыков!

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *