Жакын арада электр энергиясы кымбаттабайт

Кыргызстанда жакын арада электр энергиясы кымбаттабайт. Бул туралуу Отун-энергетика комплексин жөнгө салуу мамагенттиктин директору Таалайбек Нурбашев айтты. 30-октябрда ЖКда кышка даярдык боюнча токтом долбоору каралып, ал жөнүндө маалыматты биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов берди. Депутат Тариэл Жробеков (“Республика-Ата Журт”): “Кечээ эле муздак сууга болгон баа 3 сомго көтөрүлдү, электр энергиясына болгон баа көтөрүлбөйбү?” деп сурады эле, Т.Нурбашев: “Жаңысы кабыл алынганча, азыр мурдагы тарифдер иштеп жатат. Жакында жаңы тариф саясатын кабыл алабыз. Баа көтөрүү пландары жок”, – деп жооп кайтарды.

Булак: KyrgyzToday.kg

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *