Жакында жергиликтүү кеңештердин депутаттарына төш белгилер тапшырылат

Жергиликтүү кеңештердин депутаттарына төш белгилери тапшырылат. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комитетинен кабарлашты.

Келишимге ылайык, аткаруучу өлкөнүн жергиликтүү кеңештеринин  депутаттары үчүн 10 миң төш белгилерди даярдады. Алар спектралдык анализден өтүп, сынактык документациянын талаптарына жооп берет деп табылды. Эми төш белгилер депутаттарга тапшырылуу үчүн аймактык шайлоо комитеттерине берилет.

Эске салсак, төш белгилерди даярдоодо БШК 3 миллион сомдон көп каражат үнөмдөдү. Ишкер Виталий Подстречный төш белгилер бүт талаптарга жооп берерин далилдеди, бир белгинин баасы 74 сомду түзөт.

Булак:KyrgyzToday

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *