Жалал-Абад облусу боюнча бир сутка ичинде болгону 4 жаран коменданттык сааттын эрежелерин бузуп кармалышкан

Жалал-Абад облусу боюнча бир сутка ичинде болгону 4 жаран коменданттык сааттын эрежелерин бузуп кармалышкан. Бул тууралуу бүгүн, 21-апрелде онлайн-брифингде Жалал-Абад шаарынын жана Сузак районунун коменданты Жеңиш Жоробеков билдирди.

“Жалпысынан өткөн бир сутканын ичинде Жалал-Абад облусу боюнча 18 кылмыш катталды. Катталган кылмыштардын арасында оор жана өзгөчө оор кылмыштар катталган жок. Ошол эле мезгилде бир сутканын ичинде коменданттык саатын эрежелерин бузган 4 жаран кармалды. Алар Сузак районунан 1 жана Жалал-Абад шаарынан 3 адам кармалган. Тиешелүү мыйзам чегиндеги иш чаралар көрүлүп, протоколдор толтурулду. Жалпысынан бир сутканын ичинде шаардык жана райондук ички иштер бөлүмдөрүнө 123 жаран жеткирилип, аларга түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Ошол эле мезгилде жол коопсуздугу кызматы тарабынан 129 автоунаа айып төлөөчү жерге токтотулду. Учурда аймакта коомдук-саясий жана криминалдык кырдаал туруктуу”,- деди комендант.

Булак: «KyrgyzToday»

 

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *