Жалал-Абад облусун Афганистанга айландырган Кыянбек Сатыбалдиев

Өкмөттүн Жалал-Абад облусу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Кыянбек Сатыбалдиевдин кыргыз элине уят болгону жагынан бир канча фактылар калкьш чыгууда. Аталган региондо стабилдүүлүк болбой калды, Базар-Коргондо базар чатагы, башкы шаарда элдин көтөрүлгөнү, өрт болгону, мэрдин камалышы, Тогуз-Тородо элдин массалык түрдө тополоңго чыгышы, Кыргызстандагы инвестициялык климатты өлтүргөнү, ОИИБнин шалаакылыгынан улам тартипсиздик орун алганы кандай? Андан сырткары, дээрлик Жалал-Абад облусунда чыр-чатактардын башталганы жашыруун эмес, ошол эле мезгилде Өзбекстан менен чек ара жаатында даты мамиле бузулганын билесиңерби? Жалал-Абад облусун кыйын шартка такап салган Кыянбек Сатыбалдиевдин ишмердигин бүгүнкү күч органдары эмнеге териштирбей отурат? А баса, береги аймактагы «хаосту» түзгөн ОИИБнин мурдагы начальниги Акылбек Мамасейитов эмне үчүн талкуулоого алынбай, ал башка кызматка орун которуп кетет? Керек болсо Мамасейитов буга чейинки кылган шектүү иштери үчүн жазага тартылып, кылмыш иштерине кириптер болушу керек эле. Дагы бир жагдай, өткөн жумада Мамасейитовдун өкүл атасы депутат Таалай Масабиров президент Жээнбековго киргени, жалган маалыматтар менен анын башын айландырганы айтылууда. Бул боюнча Акылдын тар чөйрөдө мактанганы кандай? Аньш орун басарлары Акулиев, Хажиматовдор облустагы мыйзамсыз ипггерге, башаламандыктарга жол бергендери үчүн жоопко тартылышы керек. Тилекке карты, «өз балдарды» коюн-колтукка ала берсек, анан качан коррупцияга карты күрөшөбүз? Кыскасы, Кыянбек менен Акылбек буга чейин Жалал-Абад облусун Афганистанга айландыргандай эле ишарат кылышканына карты сөз айта алышабы?..

Кубат Карачев

Булак: ”Азия Ньюс”

1 ой-пикир

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *