Жалал-Абад шаарында жол эрежесин бузган судья Элмира Сулайманова кызматынан бошотулду

Бүгүн, 27-январь күнү КРнын Жогорку сотунун төрайымынын сунушу менен Жалал-Абад шаардык сотунун судьясы  Эльмира Сулайманова тартип жоопкерчилигине тартылып, мөөнөтүнөн мурда бошотулду. Бул тууралуу Жогорку соттун басма сөз кызматы билдирди.

5-январда өлкөнүн маалымат булактарында “Судья корпоративден кийин жол кырсыгына кабылды” деген маалыматтар чыккан.

Бул маалыматта Жалал-Абад шаардык сотунун судьясы Э.М.Сулайманованын аракеттери КРнын  судьясынын Ар-намыс кодексиндеги судьянын аброюна жана кадыр-баркына шек  келтирилгендиги көрсөтүлгөн.

“Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө” КРнын  конституциялык мыйзамынын 5-1 статьясына ылайык,  судья КРнын  судьясынын Ар-намыс кодексинин талаптарын сактоого милдеттүү экендиги жана судьянын кадыр-баркына шек келтирген нерселерден  алыс болушу керек экендиги жазылган.

Буга байланыштуу, Жогорку соттун төрайымы Соттор кеңешинин алдындагы Тартип комиссиясына, судьяны мөөнөтүнөн мурда кызматынан бошотуу туурасында сунушу  жөнөткөн.

КР Соттор кеңешинин алдындагы Тартип комиссиясынын 27-январдагы чечими менен КРнын Жогорку сотунун төрайымынын сунушу канааттандырылып, Жалал-Абад шаардык сотунун судьясы  Э.М. Сулайманова тартип  жоопкерчилигине тартылып, мөөнөтүнөн мурда  бошотуу туурасында тартиптик жаза көрүлдү.

Бул чечимдин негизинде резидентке  аталган судьяны мөөнөтүнөн мурда кызматынан бошотуу туурасында сунуш жөнөтүлдү.

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *