Жалал-Абад шаарын туш-тарабынан жаап, тосмо-бекеттерди коюп салышты

Бүгүн, 21-мартта Жалал-Абад шаарынын бийлиги таажывирусуна каршы киргизилген өзгөчө кырдаалга байланыштуу шаарга кирип-чыкчу үч дарбазаны тосмо-бекеттер менен жаап, кирип-чыккандарды көзөмөлгө алды.

Шаарга азык-түлүк, зарыл жүктөрдү ташыган гана унаалар киргизилет. Адам  ташыган унаалар киргизилбейт. Ал эми азык-түлүк сатып алууга келишкен жарандарды бала-чаканы ээрчитпей, жарым-жалгыздап келүүсүн эскертип жатышат.

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *