Жалал-Абад шаарынын бийликтери жаңы жылдык майрамга жарым миллиондой сом сарпташат

Быйылкы жаңы жыл майрамын шаардыктар менен чогуу майрамдоого Жалал-Абад шаарынын жергиликтүү бийликтери 428 миң сом сарптамак болуп жатышат. Бул тууралуу Жалал-Абад шаарынын мэриясынан билдиришти.

Алынган маалыматка караганда, шаар мэриясынын буйругу чыгып, ага байланыштуу Жаңы жылдык майрамга карата шаарды жакшылап даярдоо, эстетикалык жагымдуу абалын камсыз кылуу, шаардыктарга жакшы маанай тартуулоо чаралары каралып, тийиштүү кызматтарга аткарылуучу тапшырмалар берилген. Бардык даярдык чаралары 15-декабрга чейин аткарылышы белгиленди.

Быйылкы жылы Жаңы жылдык майрамды уюштурууга жергиликтүү бюджеттен 428 миң сом каралып, шаардын үч аймагына майрамдык балаты орнотуу каралды. Азыркы учурда майрамдык балатыларды орнотуу иштери жүрүп жатат.

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *