Жалал-Абадда ири өрт кырсыгы катталды

Жалал-Абад шаарында 2017-жылдын 21-декабрь күнү саат 16:18да Чутская көчөсүнүн №15 даректе өрт тууралуу маалымат түшкөн. Бул туурасында ӨКМдин басма сөз кызматы билдирет.

Өрттү өчүрүүгө КР ӨКМнин 20-аскерлештирилген өрт-куткаруу бөлүмүнөн 2 бөлүм тартылган.

Өрттөн 12 чарчы метр жыгач сарай толугу менен күйгөн.

Өрт Чутская көчөсү №15А дарегинде барак тибиндеги турак үйдүн чатырына өттүп, натыйжасында 6 чарчы метр чатыры жана Тешебаев көчөсүнүн №99А дарегинде 18 чарчы метр жыгач устундуу шифер жабылган турак үйдүн чатыры кошо күйгөн.

Учурда өрттүн келип чыккан себеби такталууда.

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *