Жалал-Абадда жардамга муктаж 3 миң үй-бүлөгө азык-түлүк таратылды

Жалал-Абад шаарынын аймагында 18-майда азык-түлүк түрүндө гуманитардык жардамдар таратылды. Бул тууралуу Жалал-Абад шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, шаардын аймагындагы жардамга муктаж болгон 3 миң үй-бүлөгө азык-түлүк таратылган.

Андан тышкары, азык-түлүк түрүндөгү жардамдар өкмөт, мэрия, жеке жана эл аралык уюмдар, демөөрчүлөр жана жергиликтүү активисттер тарабынан дагы таратылып келүүдө.

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *