Жамал Сейдакматованын мааракесине арналган эларалык фестивалы ордолуу Ош  шаарында өтүүдө

II даражадагы “Манас” орденинин ээси, Кыргыз эл артисти Жамал Сейдакматованын 80 жылдык мааракесине арналган «Арт-Ордо»  VII эларалык театр фестивалы ордолуу Ош шаарында өтүүдө.  Аталган фестивал кечээ, 23-сентябрда башталган, 28-сентябрда аяктайт. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Алардын айтымында, “Туңгуч” жаштар драма театрынын кɵркɵм жетекчиси, “Кыргызстан театр ишмерлер союзу” коомдук бирикмесинин мүчɵсү Жамал Сейдакматованын кечээ Ошко учуп барган. Эжебиздин 80 жылдык кутман курагынын урматына арналган иш-чаранын алкагында С. Ибраимов атындагы Ош улуттук драма театрында, Бабур атындагы Кыргыз мамлекеттик академиялык өзбек музыкалуу драма театрында, Кыргызстан кинотеатрында түрдүү спектаклдар коюлат.

Буга чейин Жамал Сейдакматованын 80 жылдык мааракеси өзү туулуп-өскөн мекени Ысык-Көлдөгү Темир айылында өткөн.

Булак: Kyrgyztoday.kg

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *