Жаман көрбөгүлө, Текебаев казынага 665.000. сом пайда келтирди

Ажонун үй салганы да саясатташып, ал үчүн жерди саткан шаар башчысы, президенттин жакын адамы Албек Ибраимовду да катуу уятка калтырды. Атамбаев жөнөкөй жаран катары жер сатып алып, үй курганга толук укуктуу. Аны бул үчүн эч ким күнөөлөй да албайт. Сөз да болушу мүмкүн эмес болчу. Кашайып, заңгыратып үй салган жери Максим Бакиевге тийиштүү болуп жатпайбы. Кептин баары ушунда. Жанагы Албек Ибраимов деген неме шефине андан башка жерди сунуштап сатса болбойбу десең.  Өзү да эмес карачечекей аялы сатып атат, 33 млн сомго. Аялынын бизнести кыйын өздөштүргөнүнө бали деш керек. 24 млн сомго алган жерди бир жумага жеткизбей 33 млн сомго сатып, президенттин өзүнөн 9 млн сом пайда көрүп жатат. Мындайды жасаш баарынын эле колунан келе бербейт.  “Атамбаев президент болуп туруп Максимдин жерине үй салып алды” деген сөздү элдин баары мындан кийин айтып жүрөт. Ушул жагынан Албек мырза аялы экөө “шефти” “сөзгө сөлтүк, кепке кемтик” кылып кидайт этишти да. Муну көтөрүп чыккан Текебаевди жаман көрбөгүлө. Ал ушул теманы алып чыкканда эле Албек Ибраимовдун декларациясы “невидимка” уурдап кеткендей эле жоголгон. Жерди 33 млн сомго сатыптыр, казынага канча салык төккөн?-деп кызыгып аткандар болду эле. Кечээ  мэрдин жубайы Айнура Ибраимова жер сатканы үчүн биринчи 650 миң сом, андан кийин 15 миң сом акчаны казынага төлөгөнүн айтып чыкты. Кызыгы, жерди 2015-жылдын май айында сатса, сатыктан түшкөн салыкты Ибраимова кийинки жылы төлөптүр. Текебаев кайдагы жерди көтөрүп жатат деп жаман көрбөгүлө. Ал казынага 665 миң сом акча түшүрүп берди.

Булак: “Жаңы ордо”

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *