Жамбыл Камчиев, куудул: “Түкүргөндөргө 550 сом, арак ичип машина айдагандарга 5000 сом айып салышса жетиштүү болмок”

– Жамбыл мырза, айып пулдардын көбөйүүсүнө карата элдин пикири кандай?

– 5500 өтө көп. 17 миң сом да көп. Менимче, коомдук жайларда, көпчүлүк жүргөн көчөлөрдө түкүргөндөргө 550 сом кылса туура болмок. Какыргандарга, насвайын түкүргөндөргө 2500 сом, кускандарга 5500 сом кылса жарашмак. Ичип алып машина айдагандарга 5000 сом айып салып, бир жылга транспорт айдоого тыюу салуу керек. Ичип алып айдап, авария болгондор үчүн он жыл рулга отурганга тыюу салуу туура болмок.

– Демек, сиздин оюңузча, азыркы айыптар өтө эле көп экен да?

– Бул элдин ою. Мен да аларга кошулам.

– Бирок, көчөдөгү тазалыкты сакташ үчүн ушундай катуу чаралар керек болуп атпайбы. Болбосо кээ бирөөлөр майда айып пулдарды тоготпойт экен.

– 5500 сом майда акча эмес. Өзү президентибиз акча, банк, кредит реформасын жүргүзүшү керек эле.

– Бул парламенттин демилгеси болуп атпайбы. Президенттин ага тиешеси деле жок болсо керек.

– Түкүрүккө айып пул салуу – Дастан Бекешовдун демилгеси. Эл штрафты төлөй баштаганда чыр башталат. Ага башка да көйгөйлөр кошулуп отуруп, эл көчөгө чыгышы мүмкүн. Бул мурдагы бийликтин Жээнбековду жаман көрсөтүү үчүн жасап жаткан тактикасы болушу деле ыктымал. Байкасаңар, азыр жалаң уюлдук телефондор «иштеп» атат. Бул АШАнын тактикасы.

Аттокур Жумаев

Булак: «Азия ньюс»

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *