ЖАМК: Бишкектеги № 1 СИЗО коронавирусу жок деген медициналык күбөлүгү бар 93 айыпкерди кабыл алды

Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы өлкөдөгү COVID-19 пандемиясына жана Бишкек шаарында ага карата өзгөчө кырдаалдардын киргизилишине байланыштуу, 2020-жылдын 25-мартынан тартып Бишкек шаары жана Чүй облусу боюнча Ички иштер башкы башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайынан № 1 СИЗОго  коронавирус боюнча терс натыйжа көрсөтүлгөн медициналык күбөлүктөрү бар 93 камакка алынган адамды кабыл алды.
Өзгөчө абал жана өзгөчө кырдаалдар учурунда № 1 СИЗО тарабынан убактылуу кармоочу жайлардагы кармалгандарды кабыл алууда расмий баш тартуу болгон жок. Кармалган адамдардын арасынан тиешелүү документтеринин жоктугуна байланыштуу 3 гана адам кабыл алынган эмес. Андыктан, № 1 СИЗО камакка алынган адамдарды убактылуу кармоочу жайдан кабыл албай жатат деген маалымат чындыкка дал келбейт.
Бишкек шаарында өзгөчө кырдаал болгонуна карабастан, Бишкек шаардык ИИБнын убактылуу кармоочу жайы толуп кеткенине байланыштуу 90го жакын соттолгон адам ЖАМКнын убактылуу кармоочу жайларына өткөрүлүп берилди.
Эске салсак, Бишкек шаарында коронавирус илдетине байланыштуу өзгөчө абал жана өзгөчө кырдаал киргизилгенден кийин, камактагы адамдардын коопсуздугу үчүн Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы соттолгондорду Чүй облусунан № 1 СИЗО мекемесине өткөрүп берүүгө убактылуу чектөөлөрдү киргизген.
Бүгүнкү күндө ЖАМКнын бардык мекемелери штаттык режимде иштеп жатышат.

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *