ЖАМК: «Түрмөдө өмүр бою эркинен ажыратылган 346 адам бар»

Кыргызстандын түрмөлөрүндө өмүр бою эркинен ажыратылган 346 адам бар.  Бул тууралуу Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын төрагасынын орун басары Талаай Нуралиев журналисттерге берген жыйында билдирди.

Анын айтымында, өмүр бою эркинин ажырагандардын арасында аялдар жок, баары эркектер. Жалпысынан соттолгондордун саны – 9 902. Алардын арасынан 1632си тергөө абагында, 2031 киши жатак абагында кармалып турат. 427 киши терроризмге байланыштуу соттолгондор.

Булак: KyrgyzToday.kg 

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *