ЖАМКтагы аскерлер эмнеден каза болду?

Кыргызстандын жаза аткаруу системасында эки күндө эки аскер кызматкери каза болду. Бул жөн жерден болбогону, түзүмдүн ичиндеги «дедовшинадан» улам орун алганы каңкууланууда. Анткени, 5-ноябрда №3 түзөтүү мекемесинде кызмат өтөп жаткан жоокер каза болуп, электр тогуна урунду деген жүйө айтылган. Бир күн өтпөй экинчиси набыт болду. ЖАМКтын маалымат кызматы: «Жатууга даярданып жаткан бир жоокер, өзүн жаман сезгенин айтып эле, жерге кулап түшкөн экен. Тез жардам келгенче үзүлүптүр»-деп тим болду. Буга чейин да аскерлердин өлүмү көп катталган. Былтыр №30295 аскер бөлүгүндө кызмат кылган Руслан Сапарбаев кезмет учурунда токко урунганы айтылган. Куралдуу күчтөрдүн Башкы штабы кырсыкка жоокер өзү күнөөлүү экенин, ал тыюу салынган электр көмөк чордонуна кирип, трансформаторго колун салып алганын билдирген. Учурда соттук териштирүү жүрүп жатат.

Булак: “Де-факто”

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *