Жамшитбек Калилов кайра кызматына келеби?

Былтыр 2018-жылдын 6-декабрь күнү Транспорт министринин ою жаман орун басары Азимкан Жусубалиев тендерден уткан чет өлкөлүк компанияинын кызыкчылыгын коргоо үчүн ири өлчөмдө, 520 миң доллар пара алууга шектелип кармалган эле. Мындай ири өлчөмдөгү параны орун басары өзү кантип аш кылмак эле, бул ишке министдин катышы бар деп, министр Жамшитбек Калиловду кызматтан кетүүгө аргасыз кылышкан. 30-июль күнү ошол чуулгандуу иш боюнча соттун өкүмү чыгып, А. Жусубалиев он төрт жылга эркинен ажырады. Ал эми бул ишке ошол кездеги министр Калиловдун тиешеси жоктугун тергөө менен соттук иликтөө ачыкка чыгарды. Соттун чечими менен далил катары алынган каражаттар мамлекеттин эсебине которулуп, паракор Азимкан Жусубалиев он төрт жылга эркинен ажыратылып, ортомчу Болот Токтобаев алты жылга кесилсе, пара берген компаниянын кызматкери Бехруз Гулрузовго эки миллион сом айып салынып, сот залынан бошотулду. Тергөөнүн жыйынтыгында белгилүү болгондой  Калиловдун катыштыгы жок экени тастыкталды. Демек, Калилов кайра кызматына келеби деген суроо туулат.

Булак: «Факты.kg»

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *