Жамшитбек Калилов жаңы кызматка дайындалды

Жамшитбек Калилов «Кыргыз темир жолу» ишканасынын долборлоо жана курулуш Дирекциясынын директору болуп дайындалды. Бул тууралуу «Кыргыз темир жолу» мамлекеттик ишканасынын маалымаг кызматы биллирли. Тиешелүү буйрукка «Кыргыз темир жолу» мамлекеттик ишканасынын Башкы директору Канатбек Абдыкеримов 21-августта кол койгон.

Аталган кызматта буга чейин жетекчилик кылган Улан Кулов, Жамшитбек Калиловдун орун басары болуп дайыңдалды.

Жамшитбек Калилов 2016-2018-жылдар аралыгында Транспорт жана жолдор министри болуп эмгектенген.

Булак: “Де-Факто”

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *