ЖАМУда ректор шайлоо болуп өттү

Жалал-Абад мамлекеттик университетине жетекчилик кызмат ордуна шайлоо 25-октябрь куну, окуу жайдын чон жыйындар залында откорулду. Университеттинн факультет, кафедра жана административдик бөлүмдөрдүн кызматкерлери, окутуучулук-профессордук курамдан турган 386 шайлоочудан 376 адам шайлоого катышышты. Бул кызмат орунга 10 адам өз талапкерлигин көрсөтүп, анын 3ү өз каалосу менен талапкерликтен баш тартышкан. Шайлоону  уюштуруп-өткөрүүгө 9 адамдан турган атайын жумушчу топ түзүлүп тиешелүү иш алып барышкан, бир жума ичинде жүргүзүлгөн үгүт иштеринде негизги талапкерлер ЖАМУнун буга чейинки ректору, саясий илимдеринин доктору А. Абдрашев, окуу жайда окуу иштери боюнча проректору болуп иштеп келген, техника илимдеринин доктору К.Усенов, филология илимдеринин доктору Б.Дарбанов, история илимдеринин кандидаты Э.Авазов экени анык болду. Шайлоонун жыйынтыгында 7 талапкердин ишенимдүү адамдарынан турган эсептөө комиссиясынын мүчөлөрү ачык-айкын шайлоочулардын көз алдында бюллетеньдерди эсептешти.
Кыргыз Республикасынын Билим берүү жөнүндөгү мыйзамына, КРнын жогорку окуу жайлардын ректорун шайлоо Жобосуна ылайык шайлоо өткөрүлгөнүн ЖАМУнун ректорун шайлоону уюштуруп өткөрүү комиссиясынын төрагасы, ОшМУнун ректору, филилогия илимдеринин доктору жарыялады. Ошондой эле талапкерлердин алган добуштары тууралуу төмөндөгүдөй маалымат билдирди: саясий илимдеринин доктору, профессор 1)А.Абдрашев – 171; 2)техника илимдеринин доктору, профессор К.Усенов- 168; 3)тарых илимдеринин кандидаты Э.Авазов- 26; 4) филолгия илимдеринин доктору, профессор Б.Дарбанов -10; 5)Ж.Матисаков – 0; 5) Р.Пакирдинов-0; 6) Ж.Матисаков- 0; 7) А.Кошбаев – 0. добуш алышкан.
Каныбек Исаков: “Алдынкы добуш алган 3 талапкер КРнын Билим берүү жана маданият министрлиги аркылуу Кыргыз Республикасынын Окмөтүнө сунушталып, ал жактан бекитилген талапкер, буйруса ЖАМУга ректор болуп дайындалат. Ал эми, жамаат ынтымакта мындан ары да эмгектенип, көп ийгиликтерге жетишиниздерге тилектешмин”- деп кайрылды шайлоонун жыйынтыгында.
Белгилей кетсек, А.Абдрашев ЖАМУнун ректору, К.Усенов ЖАМУнун окуу иштери боюнча проректору кызматтарын аркалашкан.

Мейманбу Акжолова, “Кыргыз Туусу”

3 comments

  • Ала-Тоо says:

    Акунжан Баказович сизге ийгилик каалаймын.

  • Ала-Тоо says:

    Усенов Кеңешбектин бир тууган агасы Марат Жумамабеков, Акмат Салиевичтин өкүл атасы болот. Учурунда Акмат Салиевич, Кеңеш сени ректор кыламын деп көкүтүп койгон, ошол түшүнөн алигиче ойгоно албай жүрөт ко.

  • Алымбек Серепчи says:

    Аа десе убагында саясий илимдин доктору деген Абдрашев Бакиевтерге кулчулук кылып журуп ушул кунго жетишкен дейт го коншулары. Абдрашев ЖАГУнун ушул убакка чейинки топтогон мээнетин кокко сапырдыго чиркин
    башкаруучулук жондому жок экендигин билдирип койду.. бардык нерселерди акча менен чечем деп жургон жайы бар.. бирок баш менен да чечишти билиш керек Ректорлук атасынан калган мурас эмес.. татыктуу адамдар толтура ЖаГуда

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *