Жанар Акаев, ЖК депутаты: “Дүжүр” чоңдор Кыргызстанда өтө көбөйдү

Рубрика төрүнө бул сапар Жогорку Кеңештин төрагасы Дастан Жумабековду чыгардык. Кесиптештери тарабынан спикердин ишмердүүлүгүнө кескин сындар айтылып, “парламенттин төрагалык даражасына чоң шек жаратты” деген өңдүү пикирлердин күчөшү эмнени түшүндүрөт? Парламенттин депутаттарына алдына иш козголуп, арты сот тарабынан мандатынан ажырап, айрымдары камакка алынышууда. Мындай шартта төрага Жумабеков эл өкүлдөрүнүн таламын талашып, укугун коргой алдыбы? Дегеле анын ишмердүүлүгүн коомчулук өкүлдөрү кандай талдоого алышат? Мындай соболдорубузду эл көзүндөгү инсандарга жолдоп көрдүк.

 — Дастан Жумабеков өзү адам катары кичипейил, боорукер жигит, бирок, мамлекеттик башкарууда “жакшы киши” деген кесип жок да. Парламентке азыр элдин сыны өтө көбөйдү, “парламенттик-президенттик эмес, президенттик-өкмөттүк башкаруу системасындай элес калды” дегендер да жок эмес. Мындай шартта төраганын тарыхый ролу чоң болушу керек. Өзгөчө анын сөзү өткүр, пикири салмактуу болушу зарыл. Эртең “ушул киши төрага болду эле” деп эч ким эстебейт, эл “кандай төрага болду, кандай иштеди” деп баасын берет. Азыр саясат өтө майдаланып кетти, ак жеринен камалган кесиптештерди коргоп, адилет сөзүн айтыштан көпчүлүгү коркуп отурушат, “чоң шефке жакпай калбайлы” дешип. Азыр чоң кызматтарга тандоонун жалгыз критерийи – “шайлоодо иштеп берсе, анан биздин айтканды жазбай аткарса” деген түшүнүк болуп калды. Өкмөт келсе спикер баш болуп аларды аяп, “эрте кетирели” деп бөйпөңдөп турушат. Депутат Рыскелди Момбеков айткандай, “дүжүр” чоңдор Кыргызстанда өтө көбөйдү.

Канжар БОРПОШОВ

Булак: Азия Ньюс 

 

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *