Жанар Акаев, ЖК депутаты: “Студенттердин стипендиясы эки эсеге көбөйтүлөт”

2020-жылдан тарта болочок мугалимдердин стипендиясы эки эсеге көбөйтүлөт. Бул тууралуу депутат Жанар Акаев Жогорку Кеңеште билдирди.

Анын айтымында, педагогикалык багытта билим алган студенттердин стипендиясын көбөйтүү үчүн 2020-жылдын бюджетинде 20 миллион сом каралган. Ошондон улам, болочок мугалимдердин стипендиясы эки эсеге көбөйөт. Мисалы, мурда 800 сом алган студенттер, эми 1 миң 600 сом алышат.

Булак: KyrgyzToday.kg

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *