Жанарбек Надырбеков, Аксы райондук жергиликтүү кеңештин депутаты: “Өзбекстандан эки БТР Аксыга кирип келди”

“Аксы – Ала-Бука унаа жолунда Өзбекстандын Могол айылынын тушунда 15 ге жакын Өзбекстандын күч органдары кирип Кыргызстанга тийешелүү жерди казып башташты. Аны менен бирге эле Өзбекстан тараптан күч органдары 2 БТР менен кирип келишти” – деп билдирди бүгүн, 18-мартта kyrgyztoday.kg маалымат агенттигине Аксы райондук жергиликтүү кеңештин депутаты Жанарбек Надырбеков.

“Бул тууралуу биздин жергиликтүү күч органдары менен сүйлөштүм. Алар 1 км алыстыкта турабыз деп айтышты. Мындай тартипсиздикке түптүз Алмазбек Атамбаевдин күнөөсү бар. Президент болгондон бери бир дагы жолу Өзбекстан тарап менен өз ара сүйлөшүүлөргө барган жок. Өзбекстан болсо күндөн-күнгө чек араны бузуп жатат.”- деди депутат.

 

Гүлжан Шерипбаева, Кyrgyztoday.kg

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *