Жанарбек Надырбеков, Апрель Баатыры: “Аксы эли 22-февралда болуучу тынчтык митингин токтотушту”

Аксы элинин бийликке койгон беш талабына бүгүнкү күндө  көңүл буруулар болуп, 22-февраль күнү боло турган тынчтык митинги токтотулду. Бул тууралуу уюштуруучу, апрель революциясынын баатыры Жанарбек Надырбеков “Көк-Арт ИНФО” маалымат борборунда журналисттер менен жолугушууда билдирди. Бул тууралу Жалал-Абад маалымат борборунан билдиришти.Жанарбек Надырбеков2

Анын айтымында, Кара-Жыгач айылында болгон тынчтык митингинде Аксы эли бийликке беш талап койгон. Учурда ал талаптарга бийлик тарабынан көңүл буруулар болуп, акырындык менен чечилип жатат.

“Кара-Жыгач айылында болгон митингде беш талапты он күндүк мөөнөттө коюуп, он күндө көңүл бурулбаса, 22-январь күнү кайрадан митинг уюштурмак болгонбуз. Бүгүнкү күндө үнүбүз бийликке жетип, каралып жатат. Социалдык төлөмдөрдүн көбөйүшү, балдарга пасобиялардын берилбей жатканы, электр энергиясынын мурдагы калыбына келтирилиши, камсыздандыруу жөнүндө жана чек ара маселелерин чечип берүү боюнча талаптарды койгон элек. Он күндүн ичинде баарын чечип салуу мүмкүн эмес экен, дагы убакыт берилиш керек экен. Ошондуктан учурда көңүл бурулуп башталганына байланыштуу митингди токтотуп турууну чечтик. Эгерде бул талаптар ушундай болуп чечилбей кала бере турган болсо, кайрадан дагы бийликке кайрылабыз, – дейт Ж.Надырбеков.

1 ой-пикир

  • Aксы Кербен says:

    Жанарбек мырза, балким бийлик сиздин жеке маселенизди чечип жаткандыр!
    Элдин маселеси, койгон талаптары ошол бойдон туру. Жалпы элдин атынан маалымат таратканга сизге ким, кайсыл айылдын эли укук берди? Элдин атынан соодалашканды токтоткула!
    22- февральда боло турган митингке созсуз келебиз!
    А силердин ойноок экенинерге мурда шекшинчубуз эми толук ишендик укем Жанарбек Аман эле бол!!!

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *