Жантөрө Сатыбалдиев күйгүздү

Көптөн бери дайыны чыкпай, эл арасында кадыры жоголуп бараткан Жантөрө Сатыбалдиев кечээ жакында өлкөдөгү радиолордун бирине маек берип, жакында эле болгон ТЭЦтеги абал боюнча “келжирек” кебин айтыптыр. Эмне деп дебейсизби? “Бишкек жылуулук электр борборундагы абал боюнча эчак эле мамлекеттик комиссия түзүш керек болчу” деп кооз сөздөрдү сүйлөптүр. Башка сүйлөсө да ушул куйругунда калбыры бар деп шектелип жүргөндөр ооз ачпай эле койсо дейсиң. Маселен, учурунда, керек болсо азыркы күнгө чейин Жантөрө Сатыбалдиев тууралуу коомчулукта айтылган кептердин аягы басыла элек. Негизги маселе барып-келип эле Жантөрө мырза Ош, Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү боюнча мамлекеттик дирекциясын башкарып турганда бир нече мил­лион сомдун дайыны чыкпай, жабырлануучуларга салынган үйлөр талапка жооп бербегендиги, анысы аз келгенсип, тиешеси жок адамдарга берилип кеткендиги боюнча чырлуу иштерге чекит коюлбай келет. Мындан улам оркойгон кемчиликтерге жол берип, мыйзам бузуучулукка барган адам эмнеге ушул кезге чейин жоопкерчиликтен четте калат деген суроо жаралбай койбойт.

Булак: Фабула 

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *