Жантөрө Сатыбалдиев Кыргызстандагы эң коркунучтуу адам

Жогорку Кецештин жыйынында депутат Зарылбек Рысалиев экс-премьер министр Жантөрө Сатыбалдиевдин дарегине сөз жок туура келе турган сөздү айтты. Ал: “Кыр-гызстанда мыйзамдар туура, так иштегенде, сиз №1-рецидивист болмоксуз. Сиз абдан акылдуу, сак, куу кишисиз. Сиз кай жерге барбацыз артыңыздан чуу калат. Иштеген жерициздин баары ызычуу. Менде да материалдар бар, прокуратурага берем. “Ууру тойгончо жеп, өлгөнчө карганат” деген кеп бар. Сизге ийгилик каалайм” – деп бетине айтты. Чындай келгенде буга чейин атка минерлерден Сатыбалдиевдин бетине мындай ачуу сынды эч ким айта элек болчу. Сатыбалдиев ЖЭБдеги коррупция боюнча эң башкы фигуранын бири экенин Эштекбайдын баласы деле билип калды. Бирок ага карабай эле, Жантөрө мырза жандалбастап, актануу менен алек. Канча актанса, ошончо актансын. Бирок сөзсүз түрдө жазаланышы зарыл. Эгер ал бул жолу да суудан кургак чыгып кетсе, анда Кыргызстандагы коррупцияга каршы күрөштү жөн гана шоу деп койсо болот.

Булак: “Багыт

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *