Kyrgyztoday
Kyrgyztoday » Жаңылыктар » Жантөрө Сатыбалдиев ооруканага которулду, Келдибековго окшоп ооруга шылтоолоп абактан кутулуп кетеби?
САЯСАТ

Жантөрө Сатыбалдиев ооруканага которулду, Келдибековго окшоп ооруга шылтоолоп абактан кутулуп кетеби?

Бишкек Жылуулук электр борборун модернизациялоодогу коррупцияга байланыштуу айыпталып, Улуттук коопсуздук комитетинин (УКМК) тергөө абагында отурган экс-премьер министр Жантөрө Сатыбалдиев ооруканага которулду. Бул тууралуу УКМК төрагасы Идрис Кадыркулов билдирди. Анын айтымында, Сатыбалдиев эки күн бою текшерүүдөн өтүп, 18-сентябрда ооруканага которулган. Канча убакыт ооруканада болот. Дарылануу мөөнөтү канчага созулат белгисиз. Кадыркулов бул боюнча ооз ачкан жок.

Учурунда Келдибеков дагы оорусуна шылтоолоп абактан кутулуп кетти эле. Сатыбалдиевге кандай мамиле болоор экен?..

Булак: “Фабула”

Өзбекстандын Жогорку соту имаратына «чабуул» жасалганын четке какты

Керегем сага айтам, талапкер сен укчу!

Атамбаев саясий сахнага 31-мартта кайтып келеби?