Жантөрө Сатыбалдиев ооруканага которулду, Келдибековго окшоп ооруга шылтоолоп абактан кутулуп кетеби?

Бишкек Жылуулук электр борборун модернизациялоодогу коррупцияга байланыштуу айыпталып, Улуттук коопсуздук комитетинин (УКМК) тергөө абагында отурган экс-премьер министр Жантөрө Сатыбалдиев ооруканага которулду. Бул тууралуу УКМК төрагасы Идрис Кадыркулов билдирди. Анын айтымында, Сатыбалдиев эки күн бою текшерүүдөн өтүп, 18-сентябрда ооруканага которулган. Канча убакыт ооруканада болот. Дарылануу мөөнөтү канчага созулат белгисиз. Кадыркулов бул боюнча ооз ачкан жок.

Учурунда Келдибеков дагы оорусуна шылтоолоп абактан кутулуп кетти эле. Сатыбалдиевге кандай мамиле болоор экен?..

Булак: “Фабула”

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *