Жаңы мейкинден жанган жылдыз

Мен Бекен Назаралиевди мурда художник жана эл аралык окуяларга аралашкан бийлик башчыларына көз карашын түз айткан журналист катары билчүмүн. Эки-үч жыл мурун анын аңгемелеринин кол жазмалары колума тийип калды. Байкасам, бышып жетилген чыгармалар. Эч нерсе болбогондой жымжырпыктын койнунда жүргөнүнө бир туруп таң калдым. Илгери орус акыны Арсений Тарковскийдин 61 жашка чыкканда алгачкы ыр жыйнагы жарык көрүп, “Борис Пастернакты басып өттү” деген дүрбөлөң кептер болгон эле.

Быйыл, 2018-жылы жаңы мейкиндиктен жалт эткен жазуучу Бекен Назаралиевдин “Кун” жана “Баткен туткуну” аттуу эки жыйнагы “Турар” басмасынан жарык көрдү. Бул макалада “Кун” аттуу китебиндеги “Кун” жана “Туяк” повесттери жөнүндө учкай сөз болмокчу.

Китеби бир аз кечигип чыккан автордун чыгармачылык тагдыры мен жогоруда мисал келтирип кеткен Арсений Тарковскийди элестетип тургандай таасир калтырат. Көрсө, Бекен эч кимге көрүнбөгөн мейкиндикте эмгектенип, такшалган экен. Көркөм образдарга бай аңгемелерди, повесттерди жаратса да унчукпай төш койгулап мактанбаптыр.

Аталган китепке баш сөз жазган Кыргыз Республикасынын илим жана техника боюнча мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты, Сократ атындагы Эл аралык сыйлыктын лауреаты Сулайман Кайыпов: “Бекен мырзанын айрым чыгармаларына, атап айтсам “Кун” жана “Баткен туткуну” повесттерине караганда жакынкы жаңы тарых окуяларын көркөм өздөштүргөн чыгармаларды жаратып, кыргыз адабиятынын жаңы барагын ача турган жазуучу келди деп билем. Бекен мырза бул эрдикти сөзсүз жасайт, болгондо да сабырдуулук менен элдектеп-делдектебей, рекламалабай туруп келтире жасайт. Ошонусу менен тарыхта калат, ошонусу менен дүйнөлүк адабиятка өз салымын кошот деп ишенем.

Муну жогоруда мен аттарын атап өткөн чыгармалары тастыктап турат. Бул апыртуу эмес, бул кыргыз улуттук көркөм ойлоосунун көп кылымдык тарыхы даярдап келген секирик гана болот. Улуттун эстетикалык тажрыйбасы, көркөм казынасы ошол улуттун өз канынан жанданып, байып турары мыйзам ченемдүү көрүнүш. Кыскасы, Эсенаман эски ырчы айткандай, “Күрпөң-күрпөң жүгүрүп, күлүгүң келет, жол берген” демекмин, урматтуу окурман журту”- дейт.

Сулайман Кайыпов айткандай “Кун” повести жаңы тарых окуяларын камтыйт. Автор художник болгон үчүн чыгарманы окуп атып, бир жагынан кино көрүп аткандай абалда келесиң, башка бейтааныш киши болуп бери жактан карап отурбай каармандардын турмушуна өзүң дагы кандай аралашып кеткениңди байкабай каласың. Муну жазуучунун керемет кудурети деп түшүнсөк болот.

“Мылтыгын бооруна кармап, артта демите келе жаткан абышка жакында эле өзү боор ооруп, Ооган мужейиттеринин колуна түшкөн жеринен сатып алган советтик жоокерди атып салуу үчүн айдап баратат…”.

Ал повесттеги окуялардын баарын кыймылга келтирген, совет доорундагы жылдарды көз алдына алып келип, качанкы бир өч алуу сезимдерин ойготкон каарман Мундузбек. Эгерде ал Ооган мужейиттеринин колуна түшпөгөндө чоң атасы Асанкул атып өлтүргөн Тилекмат корбашынын баласы Тыныбек ажыга жолукпай, балким бейкапар жүрө берет беле, ким билет. Кыскасы окуялардын баарына жан киргизген, качанкы жылдарды тирилткен, өткөндөр менен бүгүнкү күндү байланыштырган, күнөөсү жок болуп туруп күнөөлүү болгон, чоң атасы Асанкулдун жасаган акмакчылык, ташбоор иши үчүн жек көрүндү болгон памирликтерди муютуп комуз черткен Мундузбектин образы тараган тумандын арасынан көрүнгөн жарык жылдызды элестетет.

Китептин аннотациясында жазылгандай: “Совет доорунун орношуна каршы турган адамдардын тагдыры, жүрөктүн түпкүрүндө орун алган өчпөс кек, туулуп өскөн жерге болгон өзөктү өрттөгөн кыйын кырдаалдардагы кусалык көркөм боёктор менен чагылдырылган”. Айрыкча Памирде жашап калган Тыныбектин бет аарчысына ороп келген туулган жердин топурагын жарым кылымдан бери сактап жүргөнү жан дүйнөңдү бир оодарып алат.

Адабиятчы-филолог Сулайман Кайыпов айткандай, “Сюжеттин агымына кийинчерээк кошулса да мужейиттердин колуна түшүп калган жеринен Тыныбек ажы кыргыз экен деп, боор ооруп, акчага сатып алган советтик аскер Мундузбектин образы да негизги образдардан болуп саналат. Сураштыра келгенде бу советтик солдаттын Тыныбек ажынын бир кездеги сөөк өчтү душманынын небереси, сүйгөн кызы Жибектин уулу болуп чыгышы сюжеттик коллизияны андан бетер күчөтөт. Андан сырткары Жаныбек казы менен Рахманкул хандын кыйчалыш учурдагы образдарды дагы ишенимдүү сүрөттөлгөн. Китепти ачып окуп баштагандан тартып, баш көтөрбөй каармандарды кубалап ээрчип баратканыңды байкабай каласың”.

“Туяк” аттуу повести: “Түнкү атылган мылтыктын огунан, бир үйдөн каза болгон эки адамдын сөөгү ачык асман алдында жатты”.

Чырмаш аялы менен көп жылдан бери жашаса да, перзент көрүшкөн эмес болучу. Бир топ жылдардан кийин гана аялынын согончогу канап, эркек бала төрөп берген. Ал баланын бөтөн бирөөдөн төрөлгөнүн аялынан башка бир да жан билчү эмес. Акыры ошол чындык да ачыгына чыгып отурат. Аталган повесттеги негизги каармандар Чырмаш менен анын жубайы Айнагүл. Чырмаш суу астында жүрүүчү кемеде аскердик кызмат өтөгөн. Ошол атомдук кемеде кырсык болуп ууланып, аскердик госпиталда көпкө чейин дарыланган. Ал тургай атомдук кемеде кызмат өтөгөн бир нече моряктар ууланган. Чырмаш алар менен кат алышып, баары тең тукумсуз болуп калгандыгын жакшы билүүчү.

“…Ал кезде Айнагүлдүн ичи чоңоюп, кош бойлуу экени билинип калган эле. Атайын шаарга барып текшерүүдөн өтүп келген. Кийин гана балалуу болбой тургандыгын аныктаган алакандай кагазды алып, айылга суз кайткан эле. Ошол күнү ал өмүрүндө аябай мас болуп атасынын үйүнө келгенин өзү деле билбейт. Ал керебетте жаткан атасын кучактап алып ыйлаган. Атасы баласынын мындай абалга калганын биринчи ирет көрүүсү болчу.

– Балам, сага эмне болду?

– Мен ата…- деп сөзүнүн аягына чыкпай ыйлап отурду да ордунан туруп кетип калды. Төш чөнтөгүнүн ичиндеги эки бүктөлүп салынган ошол кагаз анын назик жүрөгүнө сайылып турган бычактын учундай жанын ачыштырып жиберди. Айнагүл экөө эң алгачкы жолу бири-бирине болгон сүйүүлөрүн айтышкан теректин түбүнө келип, кучактап көпкө турду да чөнтөгүндөгү кагазды майдалап айрып салды.

“Согуш учурундагы кара кагаздай болгон энеңди урайын, мына сага! Мына..”- деген кагазды айрып жатып.

Бир кезде Айнагүл экөөнүн бактылуу болгон учуруна күбө болгон бул терек эми Чырмаштын минтип ыйлап жатканын көрдү”.

Чырмаш накта терс каарман. Ал баарын түшүнөт, баарын көрүп турат. Бирок өзүн кармана албайт. Арак-шарап ичип, ошонусу менен баарын унуткусу келет. Кежир, таш боор тагдыр тартуулаган тукумсуздугун жубайы Айнагүлдөн көрөт. Ачуусун ошондон чыгарат.

“Эх, Жеңижок… Балам жок деген ырыңды мен үчүн ырдагандайсың,- деди өзүнчө ызалуу.

Анан колундагы комуздун кылын кыңылдата күүлөп алып, жай отура:

Күңгөйгө каккан куу казык,

Кулжанын эти жол азык.

Курдашымдан кем болдум,

Кудайым, менде не жазык?

Беш колумда муунум жок,

Бел кыла турган уулум жок.

Оң колумда муунум жок,

0 дүйнө көздөй жол тартсам,

Ордумду басаар уулум жок!!!

Аргымак жалы кайрылса,

Тармал эмей эмине?

Өзүңдөн бала болбосо Арман эмей эмине?

Тобурчак жалы кайрылса,

Тармал эмей эмине?

Тутунар балаң болбосо,

Арман эмей эмине?.-деп өзүнүн да арманы жаткан Жеңижоктун ыр саптарын үшкүрүнө ырдап алды!”

Ошентип, Чырмаш жайлоого кеткеден кийин күтүүсүздөн Айнагүл менен Кубаттын аруу махабаты башталат. Автор бул экөөнүн мамилесин, ошол жагдайды укмуш  сүрөттөгөн. Кийин Кубат Ооганстанга армияга кетип, ошол жактан каза болот. Айнагүл уул төрөп, атын Кубат коет. Жалгыз уулун эш туткан Сайкал эне аны кечигип, кийинчерээк билет. Ошого каниет кылат. Окуяны ушинтип беш-алты сүйлөм менен эле түшүндүрүп койсо болот. Бирок повестти окуганда алардын турмушуна аралашып кетесиң, өкүнөсүң, ыйлайсың. Бир туруп кино көрүп жаткандай абалда болосуң. Алгачкы китептери басмадан жарык көрүп аткан жазуучунун алда качан эле такшалып, ийине жеткен чыгармаларды жаратып койгонуна күбө болосуң.

Бекем мейкиндикти ээлеген Бекен Назаралиевдин чыгармаларын окуп отуруп, кыргыз прозасынын жаңы, дыңы бузулбаган дагы бир керемет, көркөм аралын ачканына ынанасың. Мен автордун ушул сыясы кургай элек жаңыдан жарык көргөн “Кун” жана “Баткен туткуну” аттуу эки китебин Токтогул  атындагы мамлекеттик сыйлыкка тартынбастан чоң ишеним менен сунуш кылаар элем.

Автор: Карбалас Бакиров, акын, КРнын маданиятына эмгек сиңирген ишмер

Булак: «Майдан»

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *