Жаңы жылдан баштап автоунаалардын бажы төлөмдөрү 10 эсе кымбаттайт

2020-жылдын 1-январынан тарта Кыргызстанга алып келинген автоунаалардын бажы төлөмдөрү 10 эсе кымбаттайт. Бул жөнүндө Мамлкеттик бажы кызматы билдирди.

2019-жылдын 31-декабрында үчүнчү өлкөлөрдөн жеке өзүнө алынып келинген автоунааларга карата жеңилдетилген бажы төлөмдөрүнүн мөөнөтү соңуна чыгат. Жаңы жылдан баштап 2017-жылы декабрда Евразиялык экномикалык комиссиянын кеңеши бекиткен тарифдер күчүнө кирмекчи.

Ошондуктан алдын ала автоунааларды киргизүүнүн маршруттарын пландап алган оң. ЕврАзЭБдин Бажы кодексинин 53-беренесине ылайык, бажы декларациясы катталган күндөн тартып төлөмдөр баасы коюлат.

Булак: KyrgyzToday.kg

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *