Жаңы Жылдык какшык сыйлыктарды кимдер алды?

Сөз эркиндигин коргоо комитети жылды жыйынтыктап, айрым адамдарга какшыктуу сыйлыктарды тапшырды. Комитеттин мүчөсү, активист Адил Турдукуловдун айтымында, экс-президент Алмазбек Атамбаев «Чектен чыккан сөз эркиндиги үчүн», УКМКнын төрагасы Абдил Сегизбаев «Эркин ой жүгүрткөндөрдү куугунтуктаганы үчүн» жа­на Жогорку соттун төрайымы Айнаш Токбаева «Сотторду чөнтөккө салып бергени үчүн» деген такмаза наамдарга ээ болушту.

Булак: “Азия Ньюс”

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *