Дүйшөн Керимов: Жаңычыл, жигердүү акын Бектуруш Салгаманинин ооматы

Бектуруш досту акын катары 1985-жылы басмадан чыккан “Үчүнчү коңгуроодон кийин…” аталыштагы жупкадай китеби аркылуу таанып билип келсем, өзү менен мындан туура он зки жыл илгери декабрь айынын тогузунда кол алышып, көрүшкөнүбүз көз алдымда турат. Үйдө беймарал отурсам эле Эрнис Асек уулу экөө кирип келишти. Ошол күндөн тарта ар дайым бири-бирибизди издешип, кездешип, баарлашкан ынак жолдошпуз.

Сөздү келте айтканда, Бектурушту катардагы калың топ акындардан өзгөчөлөнгөн, айырмалай тургандагы сыпаттагы тажрыйбага ээ таланттуу акын, күйүмдүү жана өзгөрүлбөс мүнөздөгү жолдош катары баалайм. Жана да ал дайыма кыймылдагы, бир жерге имерилип токтоп калганды жактырбаган, өзүнө да, өзгөгө да сын көз менен караганды адат кылган, көз карашын түз жана ачык, шар айтканга батымдуу, жаңычыл, жигердүү акын.

Бектуруш көп жолдорду басты. Дорбосун асынган дербиштей дайыма баскандан тажабайт. А балким экөөбүздүн тагдырыбыз, ыкластуу мамилебиз ошол кыймылдуу жолдордо кездешет, түгөнбөс кызыктуу аңгемелер ыргактуу уланып келет… Эгемендикке ээ болгону элдин көбү соодага баш урган береги башаламан доор келип, Бектуруш да комерсант, челнокчу атка конуп жер кезди, болгондо да улуу Россиянын узун туурасын дээрлик он чакты жылдар арбын армансыз аралады. Мына ошол улуу Жараткандын ыктыярындагы жашоого, үй-бүлө камкордугуна багытталган белгилүү да, белгисиз да аргасыз сапарлар, андагы турмуш, окуя, кездешүү, өкүнүч жана кубаныч… энеден ыр жандуу, көркөм дүйнөгө, рух чабытына жөндөмдүү жаралган, кезинде кыргыз поэзиясы айдыңында аты кыйла дайын Бектуруш акынды андан арыга жетелеп, салыштыра айтканда бүгүнкү күнү тамырын кыртышка житире жайган байтүп дарактай деңгээлге жеткирди, деп образдуу айтсак жарашат.

Кезинде Табалдиев, ал эми кийинчерээк Салгамани деген адабий фамилиядагы акындын тек-жайы улуу “Манас” тарыхый дастанында айтылган кыргыздын саналуу уютку урууларынын бири – Каңдылардан. Ошентип Бектуруш Салгамани поэзиядан сырткары да кандаш каңдыларына зор кызмат өтөп келет. Дүйнөгө чачырап кеткен кандаштарынын тарых-таржымалын өзү да жер кезе изилдей жүрүп китеп жазды. “Каңдылдардын курултайы” дегенде эсил СССРдин компартия съездине камынган раистей, дагы да салыштыра айтканда жердин түбү болсо да жөнөп калганын көрөм. Ооба, Бектуруш достун мага жана да жакындыгы ал ала-кандай кыргыз элин бөлбөй бир бүтүн элдигңн сактап калууга, кубанычтан трагедиясы арбын турмушуна, жана кооптуу келечегине күйүп бышат. Акылман Салижан аке Жигитов, “Кыргыз интеллегенциясы кыкка чыккан гүлгө окшош, саал жел жүрсө эле түбүнөн жагымсыз жыт келет”- деп, таамай баа бергендерден эмес, эми эле жалжылдай мамиле жасап отурган үчүнчү адамдын көзү ары караары менен жылжыта шыбап, ушак айткан куураган кыргызбайлыкты жек көрөт.

Анан да “койсоңчу…” деген сөздү эшиткиси келбей жүрүп миң ырдан (!) куралган “Алтын арман” жыйнагын жарыялап жибергени да кыргыз поэзиясында жаңылык иш болду. Албетте «кой аксагы менен миң” деген элибиздеги накыл кептин тескерисинче кадимкидей кайгы-муңга чөмүлгөн, а мүмкүн “Жетпегенин чын сүйүү деп, арман кылат алсыздар…” деп мен кембагал жазгандай жетпей калгандын күйүтү күчтүүдүр … Жыйнакта жашыл айдыңдай жаш курактан таза сакталып калган сезимдерден булактап чыккан ыр циклдерден айжаркын саптарды, классикалык шиңгилдерди жолуктурасың.

Бектуруш туулуп өскөн Ноокат жергесине кийинчерээк сапар алып аралап көрсөм да бу берекеси менен, мээрман адамдары менен кучак жайып тосуп алаар куттуу аймак тээ бала кезден жадыма жакын, жер-суу аттары, адам мүнөз, адат-жоруктары тааныш билиш. Анткен себеби, кыргыз прозасынын кайталангыс классик жазуучусу Мурза Гапаровдун чыгармалары, кийин өзү менен бааралашкандагы ооз эки аңгемелери аркылуу Ноокат жана ноокаттыктар эс-туюм, сезимдерге бекем орун алган эле. Акыйкатта Бектуруш дос менен да бир көргөндөн ынак, ыкластуу мамилелеш болуп кеткенибиз ошондон чыгаар…

Кандай айткан күндө да азыр биринчи мерте чыгармачылык кечесин мени да кезинде билим-тарбияга каныктырган кагылайын Ош мамлекеттик универстетинде өткөрүп жатканы абдан кубантат. Калемдеш досума бекем ден соолук, бакубат жашоо жана чыгармачылык эргүү каалайм.

Дүйшөн Керимов

Булак: «Майдан»

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *