Жаңыдан дайындалган судьялар ант беришти

Бүгүн, 7-февраль күнү КРнын  Жогорку сотунда президенттин 2020-жылдын 5-февралындагы ПЖ № 22 Жарлыгы менен жергиликтүү сотторго дайындалган судьялар ант беришти. Бул тууралуу жогорку соттун басма сөз кызматы билдирди.

Кыргыз Республикасынын  Президентинин  2020-жылдын 5-февралындагы ПЖ № 23 Жарлыгы менен  судьянын ыйгарым укуктарын жүргүзүү үчүн:

Ош облустук сотуна: Кыдырбаев Жаркынбек Садирбекович;

Өзгөн райондук сотуна: Жоробаева Гульнархан Чырмашовна;

Ош шаардык сотуна: Абдыразаков Нурлан Тажибаевич;

Бишкек шаары:

Свердлов райондук сотуна: Чикеева Жамиля Марсбековна;

Жалал-Абад облусу:

Аксы райондук сотуна: Жантороева Элнура Мурадиловна;

Сузак райондук сотуна: Токтосунов Надырбек Ташмурзаевич;

Чүй облусу:

Аламүдүн райондук сотуна: Мусаева Айке Рахманбердиевна;

Ысык-Көл облусу:

Ак-Суу райондук сотуна: Мамыров Эльдарбек Джекшебаевич;

Каракол шаардык сотуна: Акыев Каныбек Арзыбекович;

Талас облусу:

Бакай-Ата райондук сотуна: Эгембердиева Ойниса Муратхановна;

Манас райондук сотуна: Тилемишов Азамат Жайчыбекович;

Талас шаардык сотуна: Султанов Эсенбек Ахматкулович;

Талас райондук сотуна: Акылбеков Тариэл Назирдинович.

Кыргыз  Республикасынын  Жогорку сотунун  төрайымы Гульбара Калиева жаңы дайындалган  судьяларды  куттуктап, берген антка бек турууга, мыйзамды так сактоого жана акыйкаттык издеп келген жарандарга сый мамиледе болууга чакырды.

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *