Жаңылай Исакова, актриса: Биринчи кезекте жакшы адам болсом анан жакшы актриса болсом…

Кыргыз маданиятында жаркыраган жаңы жылдыздардын пайда болуп келе жатышы албетте биздин театр маданиятынын өнүгүп бара жаткандыгын айгинелейт. Дегеним, Т.Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрынын актрисасы, бийчи Жаңылай Исакова жыл сайын канатын кенен жайып, чыгармачылык өнүгүүнүн жолунда бара жаткан убагы. Жаңылай бир топ кинолордо, спектаклдерде, клиптерде, жарнамалык роликтерде роль жаратып элдин купулуна толо баштаган кези. Актриса учурда Улуу Британиянын борбору Лондон шаарында өз өнөрүн тартуулап жүрөт. Лондондо жүргөн таланттуу кызыбыз өз сезимдери менен бөлүштү.

—Жаңылай, Лондон кандай экен?

—Лондон абдан таза шаар экен. Тарыхын сактап даңазалаган жерлер, имараттарга бай жер. Кишинин, келген туристтердин, транспорттун көптүгүнө карабай адашпай жүрсөң болот экен. Анткени кайсыл жерде эмне бар жазылып турат. Театралдык шаар деп атасак да ашыкча болбос. Бир эле «Вест энд» деп аталган райондо 40тан ашуун театр жайгашкан. Ашыгып баарына киргиң келет. Кичинекей таш болсо да тарыхын тактап, баалуулукка айландырып, сактаганга аракет кылган англичандарга баа бербей кое албайсың. Айтып отурсаң кызыктуу жактары бүтпөйт. Бирок канчалык укмуш болбосун, бир нерсе жетишпегендей эле  болот, көрсө көзүбүз тое көрүп жүргөн тоолорубуз жок айланада. Кантсе да Ала-Тоолуу кыргыз жерибизге эч нерсе жетпейт.

—Ал жакка кандай долбоор менен сапар тарттын эле?

—Бул жакта улуу жазуучубуз Чыңгыз Айтматовтун 90-жылдыгына арналып анын «Саманчынын жолу» спектакли коюлат. Декабрда Англия парламентинин астында көргөзүлөөрү күтүлүүдө. Бул долбоор «OrzuArts» театры жана Британиядагы кыргыз элчилиги менен ишке ашып жатат. Режиссеру – Юлдош Журабоев. Мен Алимандын образын жаратып жаткан учурум.

—Алимандын образын кантип алып калдын? Ким сунуштады?

—Алгач режиссура боюнча тажрыйба өтөө үчүн Лондонго баруум сүйлөшулгөн учурда Ч. Айтматовдун 90-жылдыгынын алкагында «Саманчынын жолу» спектакли коюлмак болуп, режиссер Юлдош Журобаев мага бул ролду сунуштады. Ага чейин мени биздин театрдын сахнасынан көргөн болчу. Бул жакка келгендеги эң башкы максатым режиссура боюнча тажрыйбадан (стажировкадан) өтүү болгондуктан, билимимди жогорулатып, тажрыйба алмашып жатканыма абдан сыймыктанып, толкунданып, өтө дилгирлик менен билим алып жаткан учурум.

—Профессионал актрисакатары театрда канча убакыттан бери иштейсиң?

—2016-жылы окууну аяктаган соң Т.Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрында иштей баштадым. Негизи, мен театрда чоңойдум десем да болот. Ата-энем чыгармачыл адамдар. Эмгек жолумду С.Ибраимов атындагы Ош улуттук драма театрында актриса катары иштөө менен баштагам. Ал жакка билимим жок болсо да мени жумушка алышкан, анткени аймактарда кадр жетишпейт, билимдүү жаштар бир учурда такыр келбей калган. Жаш балдардын ролуна, массовкага, кичинекейлер керек болгондо мен чыгып жүрүп, чоң артисттер менен аралашып иштеп, өзүнчө бир мектептен тарбия алганымды кийин байкадым. Ошентип чоң ролдорду магаишенип бере башташты. С.Раевтин «Исхак Раззаков» спектаклинде Раззаковдун бала чагын, Ч. Айтматовдун «Деңиз бойлой жорткон Ала-дөбөт» спектаклинде Крисктин, М.Байжиетин «Тил табышкандар» спектаклинде Дездемонанын, Г.Алиеванын «Эртең апамдын туулган күнү» драмасында Аиданын жана башка ролдорду жаратууга мага ишеним көргөзгөн аталган театрдын Көркөм кеңешине, режиссерлорго ыраазычылыгым чексиз.

—Бийчи катары да таанымалсың, канча жашыңдан баштап бийлегенсиң?

—7 жашымда Оштогу «Мөл булак» бий тобуна бара баштагам”? 2004-жылы Р.Абдыкадыров атындагы Ош филармониясынын астындагы «Адеми» бий ансамблинин артисти катары жумушка орношуп иштей баштагам. 2009-жылы устаттарымдан кеңеш алып, ата-энемдин колдоосу менен филармониянын директору Г.Садыбакасованын батасы менен Ош шаарында «Дидар» бий тобун түптөп, иштей баштадым. 2011-жылы Б.Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик искусство жана маданият университетинин «Театр жана кино» факультетинин «Режиссура жана актердук чеберчилик» кафедрасынын күндүзгү бөлүмүнө тапшырсам, ал эми бий жаатында билимимди тереңдетүү максатында «хореография» кафедрасынын сырттан окуу бөлүмүнө тапшырып, аяктадым. Учурда «Дидар» бий тобу борбордо өз ишин улантып жатат. Т.Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук драма театрынын алдындагы театралдык окуу жайында «Бий сабагы» боюнча устатым Абдужалилова Алла Момуновнанын жардамчысы катары бийден сабак берип, мугалимдик кесипти аркалай баштадым.

—-Абдан жакшы экен, ар бир актриса театрда же кинодо өзүн таанытып, алдыңкы актриса болууну самаса керек. Сенчи?

—Кызыктуу суроо экен. Генерал болууну самабаган жоокер, жоокер эмес деген сөз эске келип кетти. Бирок «алдыңкы» болбосом да, татыктуу, жакшы актриса болгум келет. Устатым Мурат Мамбетов: «Жакшы актер болуш үчүн, биринчи кезекте жакшы адам болуш керек» деп айтчу. Ошондуктан биринчи кезекте жакшы адам болсом-жакшы актриса болом, а жакшы актриса алдыңкы боло алат болуш керек…

—Кинолордон да көрө баштадык, кино жаатында кайсы образың өзгөчө жагат өзүңө?

—2000 – жылы «Жертва» аттуу фестивалдык киного тартылып, оул чөйрөнүн даамын татып көргөм. Анда мен 7 жашта болчумун. Башкы каарман кыздын кичинекей кезин ойногом. Ойлоп көрсөм кызыктуу роль болчу экен. Тасмада баш каарман 18 жаштар чамасындагы кыз зордук-зомбулукка кабылат. А мен анын айылда ат минип, суу ташып, чымыр өсүп келе жаткан кезин аткарып беришим керек болчу. Шаарда чоңойгондуктан атка минүү кызыктуу сезилген. Эсимде калганы ушул гана. Ал эми андан кийин Мурат Мамбетов режиссерлук кылган «Кууш жолдо» телесериалында кичинекей болсо да роль жараттым. Айтайын дегеним өзүмдүн купулума толуп, укмуш аткарып салдым деген ролдорум бар деп айтаалбайм, бирокМ.Мамбетов баш болгон, К.Касенов, А.Акматов, Ы.Окенова, жаштардан Т.Бугучиев, С.Сайназаров өңдүү режиссерлор менен, аркандай кино топтор менен иштешип, аз болсо да тажрыйба ала алдым деп эсептейм.

—Ар бир өнөр адамынын өз устаты болот, устаттарың жөнүндө айтсаң?

—Актердук чеберчилик боюнча устатым КР эмгек сиңирген артисти Мурат Мамбетов. Мен агайды атамдай жакшы көрөм. Ал бизге агай да, ата да болуп берди. Адистик боюнча да, турмуш боюнча да акыл-насааттарын угуп, көп нерсени үйрөндүк. «Сахна кеби» сабагы боюнча мугалимибиз КР эмгек сиңирген артисти Калича Сейдалиева эже экөө бизди ар тараптуу болгонго үйрөттү. Учурда биздин курс театрда болобу, кинодо, үн коштоодо, көркөм окууда, радиодо иштеп, ийгиликтерди жарата баштады. Мунун баары биздин алтындай болгон устаттарыбыздын эмгеги, бизге берген мээрими, тарбиясы. Ал эми режиссура боюнча устатым Б.Кыдыкеева атындагы Жаш көрүүчулөр театрынын Көркөм жетекчиси, режиссер Ибрагимова Эльвира Борисовна. Өз ишин мыкты билген режиссер айым. Эже да энелик мээрим менен сабак берди. Мен анын биринчи, ошондой эле жалгыз студенти болдум. Курс боюнча режиссурага тапшырган мен гана болчумун. Маңдай-тескей отуруп алып сабак өтчүбүз. Азыркы күнгө чейин кеп-кеңештерин берип турат. Хореография кафедрасынын ошол кездеги башчысы Р.Х. Уразгелдиев болбогондо мен бул адистиктерди бир учурда окубай калмакмын. Агай жетишип кетет деп ректорду көндүрүп жатып аталган адистиктерге бир учурда тапшырып калгам. Ушундай залкар инсандардан сабак алып, жанындажүрүп калганыма сыймыктанам.

Нуркыз Рыскул кызы

Булак: «Мантыш»

 

 

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *