Жаныш Бакиев, Мамлекеттик күзөт кызматынын мурдагы башчысы: “Мелис Турганбаев наркобизнес менен шугулданып жатат”

Баш сөз
Бүгүнкү интервью тууралуу бир катар ММКларда айтылып да, жазылып да келди. Коомчулуктун бүйүрүн кызыткан интервью болду. Бул интервьюга байланыштуу 3-4 гезитке өзүм да интервью бердим. А түгүл ИИМ министри Мелис Турганбев да алдын-ала маек берип, өз оюн айтканга үлгүрдү.
Албетте, коомчулуктун бүйүрүн кызыта тургандай бир топ саясатчыларды, чиновниктерди чочулата тургандай себептери бар. Анткени, Жаныш Бакиев бир кезде Кыргызстандагы эң таасирдүү фигуралардын бири болгону талашсыз. Анын атына байланыштуу ар кандай кылмыш иштер, киши өлтүрүүлөргө байланышкан фактылар, божомол-дөдөмөлдөр айтылып жүрөт. Анан калса, Жаныш мырза буга чейин 6 жыл өтсө да эч бирине жооп кайтарбай, реакция жасабай күтүп олтурганы да көбүнүн тынчын алды.
Эми албетте, маектешкен саясатчы болобу, же карапайым адам болобу, ичиндегисин толук чыгара бербесш түшүнүктүү. Кандай болгон күндө да интервью бул Жаныш Бакиевдин жеке субъективдүү пикири жана маалыматы болуп эсептелет. Аны коомчулук кандайкабылдайт, ал өзүнчө кеп.
Менин Минск шаарына болгон күтүүсүз сапарым эмнеден улам болгонуна бир аз токтоло кетейин. Буга чейин окурмадарым жакшы билгендей, Бакиев аттуулардын баарын абдан ачуу сөздөр менен жазып келгем. Бир күнү мага Жаныш Бакиевдин уулу Асылбек Салиев күтүүсүздөн байланышка чыгып, “Адилет, мен сени сыйлайм. Бирок, качанкыга чейин Бакиевдерге бир беткей асыла бересиң. Анчалык объективдүү болсоң атама жолуктурайын, интервью алып, ошол ачуу суроолоруңду өзүнө айтпайсыңбы?”-деп калды. Мен ойлонуп туруп макул болдум.
Интервью 5 саатка созулду. Курч маанайда өттү. Суроолордун көбү негативдүү фактыларга байланыштуу болгондуктан, маектешим экөөбүздүн ортобузда чыңалган абал өкүм сүрдү.
Абдан көлөмдүү болгондуктан, аны басмага даярдоо да көп убакытты талап кылаары белгилүү. Мына ушуга байланыштуу жарыялоо убактысы абдан созулуп кетти. Ошондуктан, окурмандарымдын бүйүрүн кызытып, күттүргөнүм үчүн кечирим сурайм.
Дагы бир жолу кайталайм, бул айтылган пикирлер маектешимдин жеке өзүнүн пикири. Эгерде, Жаныш Бакиевдин айтканына каяша пикир айта тургандар болсо, аларга дагы гезит бетинен орун бергенге даярбыз.
Сиздерди терең урматтоо менен
Адилет Айтикеев, “Искра” гезитинин башкы редактору.

Айтикеев А.: – Жаныбек Салиевич, саламатсызбы, 6 жылдан бери сиз тууралуу ар кандай маалыматтар, имишитерди гана угуп жаттык. Бирок, бир да жолу үн каткан жоксуз. Эмне менен алек болуп жүрдүңүз?
Бакиев Ж.С.: – Салам алейкум Адилет. Биз Кыргызстанды таштап кеткенибизге 6 жылдын жүзү болду. Башында Түркияда жашадым, андан кийин КМШнын башка өлкөлөрүндө болдум. Андан кийин гана Беларуска келдим.
Албетте, моюнга алуу керек, башында бөтөн жерге көнүш абдан кыйын болду. Бирок, убакыт баарын дарылайт деген чын экен. Адам акырындык менен жаңы жашоого, жаңы адамдарга, бөтөн коомго көнө баштайт экен.
Айтикеев А.: – Бош убакытты кантип өткөрүп жатасыз? Зериккен жоксузбу?
Бакиев Ж.С.: – Мен мурдагыдай эле эртең менен эрте туруп спорт менен машыгам, теледен беларустардын, Европанын жаңылыктарын көрөм. Офиске барып жеке иштерим менен алектенем, интернеттен Кыргызстандагы Борбордук Азиядагы жаңылыктарды окуп. Кыргызстандагы бардык жаңылыктардан, саясаттан, ар бир окуядан кабардармын.
Айтикеев А.: – Туугандар, достор дегендей, келип турушабы?
Бакиев Ж.С.: – Ооба, кудайга шүгүр, мага туугандар, достор тез-тез каттап турушат. Эң алгач Караганды шаарында Милициянын Жогорку мектебинде чогуу окуган курсташтар келишти. Алар негизинен Россиядан, Казакстандан жана Кыргызстандан чыккан балдар. Мына ушундай адамдар менен достоштурган Кудайга миң меретебе ыраазымын. Канткен менен жигиттик достук баарынан бекем болот экен. Биз Карагандыдагы Жогорку Милиция мектебин бүтүргөнүбүзгө 35 жыл болду. Ошого карабай достор абдан ынтымактуу. Жыл сайын менден кабар алып турушат.
Ал эми бир туугандар менен дайыма чогулуп турабыз. Азыр айрыкча ынак болуп калдык. Майрамдарды чогуу тособуз. Ар кандай маселелерди бирге талкуулап дегендей.
Айтикеев А.: – Жаныбек Салиевич, эми сиз тууралуу Кыргызстандагы жүрүп жаткан сот процесстери боюнча сөз кылсак.
Бакиев Ж.С.: – Адилет, мен сиздин бардык суроолоруңузга жооп бергенге даярмын. Бере берсеңиз болот.
Айтикеев А.: – 2005-жылдын 26-мартында Улуттук Банктын Жалал-Абад облустук башкармалыгынын имаратынан 22 миллион сом жоголгондугу боюнча сизге айып тагылып, соттун өкүмү чыгарылганын жакшы билесиз. Чындап эле окуяга катыштыгыңыз барбы?
Бакиев Ж.С.: – Убактылуу Өкмөт өзү уюштурган мамлекеттик төңкөрүштөн кийин алардын ач тырмактарынан мага каршы ар кандай кылмыш иштери ачыла баштады. Алар эң алгач мына ушул банкты тоноо боюнча мага айып коюшту.
2005-жылдын март айында айрыкча Жалал-Абад облусунда абал өтө чыңалуу болчу. Кайсы бир убактарда башаламандык, тартипсиздик да өкүм сүрдү. Так күнү эсимде жок, андан бери 10 жыл өттү дегендей. Мага ошол күндөрү бир жолу мага кеч курун Акаев бийлигине активдүү каршылык көрсөткөн жаалданган балдар чалып калышты. Алар эч кимдин уруксаты жок эле банктагы сейфтеги акчаны алып, Жалал-Абад облустук Улуттук Коопсуздук башкармалыгына көтөрүп келишиптир. Ал убакта мен облустук Ички иштер башкармалыгынын башчысы болуп убактылуу иштеп тургам. Мен алардан “Эмне үчүн бул акчаны алып чыктыңар? деп сурадым. Алар мага: “Акаев бийлиги бул акчаны элге каршы колдонуу коркунучу жаралгандан улам биз алып чыктык”, -дешти. Мен алардан акчаны Ички иштер башкармалыгынын имаратына алып баруусун өтүндүм. Анткени ал жерде куралдуу күзөт бар болчу. Акчаны эсептеп, тактап, видеого тартып ИИМдин нөөмөт бөлүмүнө өткөрүп бердик. Алар бизге келе жатканда жолдон акчанын кайсы бир бөлүгүн алып калышы мүмкүндүгүн жокко чыгарбайм. Кийин ошол акчаны өткөрүп бергенде, кандайдыр бир бөлүгү жетпей калганын уктум. Март окуясынан кийин ошондогу Башкы прокурор Азимбек Бекназаров мени чакырып сурак кылган. Мен ага болгонун болгондой кылып айтып бергем. Мен ойлойм, эгерде ошондо менин банктагы уурдалган акчага тиешем тууралуу кичине эле шек болгондо, андан бери Азимбек Бекназаров эмдигиче 100 жолу дүйнөгө жар салып кыйкырмак. Анткени, ал иш Башкы прокурордун көзөмөлүндө болгон.
Жакында эле Сузак райсотунун чечими менин колума тийди. Эми бул иштин канчалык жасалма экенин билүү үчүн анчалык деле юридикалык билимдин кереги жок. Ал өкүм ушунчалык сабатсыз жазылган. Мына ушундан кийин судья К.Касымбековдун компетенттүүлүгү суроо жаратат.
Ал документ 2005-жылдын 4-мартында менин ошол кездеги Элдик кошуундун мүчөсү Н.Нишанов аттуу таанышыма Улуттук Банктын Жалал-баддагы бөлүмүнөн ошол акчаны алып чыгуу тууралуу буйрук бергенимден башталат экен. Мен качан, каерден мындай буйрук бергенимди ким тастыктаганы тууралуу эч нерсе жок. Эгерде ошол Нишанов бул көрсөтмөнү өзү берип жатса, мен аны менен беттешип сурак бергенге даярмын. Эгер андай болбосо, анда тергөө кайсы негизде, эмненин негизинде менин “буйрук бергенимди” тастыктап жатат?
Андан ары менин күнөөм аныкталгандыгы тууралуу жазыптыр. Бирок, ал ким тарабынан, кантип аныкталганы, эмненин негизинде аныкталганы тууралуу эч нерсе жазылган эмес. Көрсө, мени КР Кылмыш Кодексинин 168-беренесинин 2-бөлүгү (талап-тоноочулук) менен айыптап жатыптыр. Эми бир сөз менен айтканда мага ушундай статьяны жармаштырган сотторго рахмат. Мындан дагы жаман беренени ойлоп табышы мүкүн эле да.
Андан ары өкүмдө 2010-жылдын апрелиндеги окуялар тууралуу жазылыптыр. Көрсө, мен өзүмдүн туугандарым менен Тейит айылында жүргөн Президентти коргоого элди үндөптүрмүн. Болгондо да куралдуу адамдардын тобун түзүп, анысы аз келгенсип жолду тосуптурмун! Ооба, мен Тейит айылында болгом, мыйзамдуу шайланган президентти кайтаргам. Анткени, бул менин мыйзам чегиндеги милдетим болчу.
Ал эми массалык башаламындыктын чыгышына Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү күнөөлүү. Анткени, алар Кадыржан Батыров менен биргеликте элди баш аламандыкка түртүшкөн. Зарыл учурда мен муну тастыктап берем. Курманбек Салиевич Жалал-Абаддан чыгып кеткенден кийин мен дагы Кыргызстандан кеткем. Чек арадан менин өткөндүгүм тууралуу белги бар.
Ии баса, мени жакында дагы бир ирет өмүр бою эркимден ажыраткан чечим чыгарышытыр. А дегенде Октябрь райсотунун судьясы Б.Жаналиев, андан кийин Бишкек шаардык сотунун судьясы Жаңыл Мабеталы өкүм чыгарыптыр. Негизи эле кызык жагдай, Максим Бакиев менен анын Надель, Гуревич сыяктуу жакын адамдарын соотошуптур да, ортого мени кошуп коюшуптур. Кандай максат менен, эмненин негизинде мен ал жерге кошулуп калганымды билбейм.
Андан ары судья жазып жатат: “После марта 2005 года с приходом власти К.Бакиева, его сын Максим Бакиев создал команду из сокурсников и приближенных лиц. Якобы денежные средства, добытые преступным путем Максим и его команда, с целью придания законного вида их происходениям, приобретали государственные и не государственные здания, сооружения, земельные участки. Которые оформлялись на аффилированные ему юридические и физические лица. Далее: Ж.С.Бакиев принимал непосредсвенные участие в таких схемах”. Менин бул “бандага” кандайча кошулуп калганым табышмак.
Көрсө, мындай кызык жери бар экен: “В марте 2008 года Б.М.Байкожоев был приглашен в офис расположенный по ул. Орджоникидзе города Бишкек, где “Ж.С.Бакиев” потребовал передать ему все принадлежавшие Байкожоеву и членам его семьи акции банка, переоформив их на лиц указанных его доверенным лицом С.Ким, а противным случае угрожал арестом его родных и вынесении в отношении них обвинительных приговоров”,-дейт. Ушул жерден дагы бир жолу тергөөчүлөрдүн, оперлердин сабатсыздыгына, макоолугуна ынандым. Бирок, сот Байгожоевден сурашы керек эле да, качан, ким аркылуу жана кандай максат менен мен аны офиске чакырганымды. Бул биринчиден.
Экинчиден, менин офисим эч качан Орджоникидзе көчөсүндө болгон эмес. Албетте, биздин “законниктер” Серго Орджоникидзе тууралуу жазып жатканын билип алса болмок, адегенде. Менин офисим Шота Руставели көчөсүндө жайгашкан. Албетте, экөө тең грузин, ошол жагынан балким байланыштырып, болжолдоп жазып коюшса керек. Бирок. Алардын бири жалындуу революционер, экинчиси белгилүү жазуучу, акын да. Экөөнүн айырмасы бар.
Үчүнчүдөн, мен эч качан Байгожоев аттуу мырзаны офиске чакырган эмесмин. Мынчалык эле жалган айтуунун да чеги болуш керек го акыры. Менимче аны да мага каршы жаздырышса керек. Ошондо деле жигит деген жигит бойдон калышы керек. Минтип адамды негизи жок күнөөлөй берген туура эмес.
Төртүнчүдөн, мен эч качан Максимдин командасында болгон эмесмин. Эгер зарыл болсо жогоруда аты аталгандардын бири көрсөтмө берип, айтсын. Менимче эч ким менин Байгожоевди өзүмө чакырып коркутканым тууралуу айта албайт. Анткени. Ал жалган. Менин соттун судьясына жана Байгожоевге карата бир катар суроолорум бар. Мен ишенем алар мага жооп бере албай качышат. Буюрса Кыргызстанга барам жана сотто териштирем.
Айтикеев А.: – 2005-жылдын 21-сентябрында, түнкү саат 22:00дө Жогорку Кеңештин депутаты Баяман Эркинбаев белгисиз адамдар тарабынан атып өлтүрүлгөн. Бул буюртма өлтүрүүнүн артында сиздин тураарыңызды түкшүмөлдөп айтып жүрүшчү. Бул боюнча пикириңиз кандай?
Бакиев Ж.С.: – Мен билгенден бул факт боюнча кылмыш иши козголуп, тиешелүү тергөө иш-чаралары толугу менен өткөрүлгөн. ИИМ жана УКМК тарабынан бул кылмыш иши боюнча тиешелүү күнөөлүүлөр кармалып, узак мөөнөттөргө кесилген. Баяман Эркинбаевди өлтүрүүнү ишке ашырган Чеченстанда туулган Султан Абалаев. Ал эми кылмыштын дагы бир катышуучусу Махмут Рузиметов жана Баяман Эркинбаевдин жакын досу Сабыр Батыров. Тергөөнүн жүрүшүндө буюртманы берген Батыров Сабыр экендиги аныкталган. Батыров 20 кг. героинди криминалдык авторитет Болот Тынычбековго жеткирип бербей койгондугу үчүн Баямандан өч алган. Кандайдыр бир деңгээлде мени бул ишке байланыштырып, буюртма берген адам деп атап жүрүшөт. Бул эч кандай далилсиз, жалган сөз. Анткени, Баяман экөөбүздүн мамилебиз абдан жакшы болчу.
Айтикеев А.: – Эмне үчүн Баяман Эркинбаев өлөөрдүн алдында ИИМ тарабынан анын машинелери арестке алынып, жан сакчылары камалган? Бул Баяман Эркинбаевдин атайылап бутун тушап, өлүмгө салып берүү аракети эмес беле?
Бакиев Ж.С.: – Баямандын машинелеринин жана жан сакчыларынын камалышы боюнча менде эч кандай маалымат жок. Ошол учурда ИИМ министри, Күзөт департаментинин башчысы ким болгонун тактап, мына ошолордон сураш керек. Анткени мен бул тууралуу билбейм, ошон үчүн эч нерсе айта албайм.
Албетте, бул боюнча Баямандын кээ бир туугандары, эжелери айтып жүргөнүн угуп калам: “Ушу Жаныштын тиешеси бар болушу керек” деп. Бул кадимки эле базардын деңгээлиндеги ушак сөз. Баяман Эркинбаев менен талашып-тартышканга бизде эч кандай себеп болгон эмес.
Бул адам өлтүрүү фактысын ачуу иши менен УМКнын “Т” башкармалыгынын начальниги Марат Иманкулов алектенген. Ал профессионал чекист. Таза жана ак иштеген адам. Мына ушул кишиден сурасаңыздар так жооп аласыздар. Эми азыр Бакиевдин заманы эмес да. Ал киши болгонун болгондой айтып берсе керек.
Айтикеев А.: – 2005-жылдын 10-июнунда ЖКнын депутаты Жыргалбек Сурабалдиев Бишкектин чок ортосунда атылып өлтүрүлгөн. Бул буюртманы да сизге байлап жүрүшөт…
Бакиев Ж.С.: – Мен билгенден бул кылмыш иши боюнча күнөөлүү аныкталган. Жыргалбек Сурабалдиевдин өлүмү боюнча кылмышты мурдагы ИИМ министри Зарылбек Рысалиев ачкан. Ал профессионал опер кызматкер болчу. Бул боюнча бардык суроолорду Зарылбекке берсеңиз болот. Ал так жооп бере алат деп ишенем.
О.э. Зарылбек Рысалиев дагы бир резонанстуу кылмыш иши болгон полковник Анвар Алиевдин өлүмүнүн бетин ачкан. Бирок, бардык киллерлер, киши өлтүргүчтөр Турганбаевдин кеңеши, Атамбаевдин буйругу менен эркиндикке кое берилди. Азыр алар Турганбаевдин группасында наркотик ташып иштеп жатышат…
Айтикеев А.: -Жыргалбек Сурабалдиев 2005-жылдын 17-июнунда Ак үйдү басып алууга аракет жасаган Урмат Барктабасовду колдоп, өзүнүн жактоочуларын даярдагандыгы тууралуу маалыматтар бар. Негедир Сурабалдиев 2005-жылдын 10-июнунда, тагыраак айтканда Барктабасовдун окуясына 7 күн калганда өлтүрүлүп жатпайбы…
Бакиев Ж.С.: -Мына, Сиз Жыргалбек Сурабалдиев Урмат Барктабасовго Ак үйдү басып алганга жардам берүүгө даярданганы тууралуу айтып жатасыз. Анда Барктабасовдун аракети ийгиликсиз аяктабады беле? Барктабасов кетип калды, кийин кайра келди. Менимче бул сурооңузду ага узатканыңыз туура болот го дейм. Жыргалбек Сурабалдиевге тиешеси бар же жогун айтып бермек.
Айтикеев А.: -Маркумдун кызы Эльвира Сурабалдиева атасы өлгөндөн көп өтпөй аны Максим Бакиев чакырып, бизнесин тартып алууга аракет кылганын айтып чыккан. Буга кандай карайсыз?
Бакиев Ж.С.: -Эльвира Сурабалдиеваны атасы каза болгондон кийин Максим чакырганын айтып жатасыз. Эми муну Максимден сураш керек. Бул маселенин мага тиешеси жок. Чын-калпын билбейт экенмин.
Айтикеев А.: -Жаныбек Салиевич, учурда Кыргызстанда Сиз тууралуу сөз болгондо ким болбосун Садыркуловду мисалга тартып, Сиздин буйругуңуз менен киши колдуу болгондугун айтып келишет. Эмесе бул боюнча да суроолорду даярдап келдим эле. Четинен узата берейин.
-Медет Садыркулов менен Сиздин ортоңуздагы тиреш эмнеден улам чыкты?
Бакиев Ж.С.: -Медет Садыркулов менен менин мамилем жакшы болучу. Экөөбүз иш боюнча тез-тез көрүшүп турчубуз. Ортобузда эч кандай конфронтация болгон эмес. Болгон күндө дагы майда-чүйдө гана маселелер боюнча түшүнбөстүктөр болучу. Ал көбүнчө Максим деген неме менен иштешип жүрдү. Көп иштерди бирге жасап жүрүштү. Мен чынын айтканда алар менен өтө сейрек жолугушчумун. Мен үчүн Садыркуловдун өлүмү күтүүсүз болду.
Айтикеев А.: -2008-жылдын башында коомчулукту чуу түшүргөн кесилген сөөмөй-кулак окуясынын негизги буйрук берүүчүсү катары Сизди атап жүрүшөт. Бул тууралуу Садыркулов боюнча тартылган даректүү тасмада азыркы ИИМ министри Мелис Турганбаев дагы бир топ маалыматтарды айтып, “биздин иликтөөбүздүн акыры бул иштин башында Жаныш Бакиев турганын тастыктаган” деп билдирди… Буга кандай пикирдесиз?
Бакиев Ж.С.: -Ооба, Турганбаев “мырзанын” минтип айтканын мен да окугам. Турганбаев кылымдын кылмышын ачкандай катуу жар салып, баарын мага илип жатат. Бул Турганбаев “мырзанын” иштөө методу менен 1930-жылдардагы басмачылардын, жана башка оор кылмыштардын да бетин ача берсе болот. Бул 1937-жылдагы НКВДнын жана Гестапонун методу. Адамдарды кармап, ГУБОПтун имаратына алып келип, башына противогаз же мүшөк кийгизип, уруп башташат. Адвокаттары менен да жолуктурбайт, туугандары менен да жолуктурбайт. Керек болсо суу да бербей коет. 3 күн бою уктатпай сабашат. Анан тиги бечара төртүнчү күн дегенде каалаган айыптоосун моюнуна алып, оперлер даярдап берген даяр көрсөтмөгө кол коюп берет. Өзүңөр жакшы билесиңер, СССР маалында канчалаган атактуу, күчтүү адамдар ушундай кыйноолордун артынан сынып калышкан. НКВДнын кызматкерлери мыкаачылык менен генералдарга, командачыларга карата кыйноолорду жасаганда алар “ооба мен немец разведкасынын агентимин”, “япон разведкасынын агентимин” деп жок кылмыштарды моюндарына алышкан. Бул Кыргызстандын тарыхында деле бар. Биз муну көркөм фильмдерден гана эмес, тарых аркылуу да билебиз. Мына ушундай ыкмалар менен Турганбаев жана анын чөөлөрү жөндөн-жөн кылмыш кылбаган адамдарды зордоп, кыйнап, кылбаган кылмыштарды моюндарына алдырышкан. Мен Сизге бир аздан кийин фактыларды мисал келтирем.
Айтикеев А.: -2009-жылы 13-марттан 14-мартка караган түнү табышмактуу жагдайда каза болгон Президенттин мурдагы администрация башчысы Медет Садыркуловдун өлүмү боюнча Сизге бир катар айыптар тагылып, сот өкүмдөрү чыкты. Бул боюнча кененирээк айтып берсеңиз.
Бакиев Ж.С.:-Биринчиден, Садыркулов, Слепченко жана Сулайманов боюнча көңүл бура турган жагдайлар көп. Мен өзүм көп жылдар бою Кылмышкерлерди издөө бөлүмүндө, Эл аралык башкармалыкта жана башка оперативдик кызматтардын структураларында иштеген адам катары айта алам, ИИМ, прокуратура, сот системасында иштеген адамдар айрыкча адамзатка каршы кылмыштын маанисин жакшы түшүнүшөт. Биринчи эле өлүмдүн себебин аныктоо боюнча суроолор пайда болду. А дегенде эле тергөөчү, прокурор жана сот өлүмдүн себебин аныктоо маселесине кайрылышат. Эмненин натыйжасында өлүм болгон?Соттук медициналык эксперт буга так аныктамасын бериши керек, уруп-сабоодонбу, же ок атууданбы, же бычактагандан уламбы деп. А Садыркулов, Слепченко, Сулайманов үчөөнүн өлүмүнүн себептери аныкталган эмес. Бул эми “несчастный случай” болуп калды да. Себеби ал жерде “временщиктер” айтып жаткандай кыйноонун, мунтуунун, ок атуунун эч кандай белгилери жок. Бул жерде өлүктөр катуу күйүп калгандыктан, өлүмдүн себептерин аныктоого мүмкүн эмес. Күбөлөрдүн жана тергөө жүргүзгөндөрдүн айтымында, ал жерде адамдын өлүгү экенин элестетиш да кыйын, анткени күл болуп калган да. «ВПэшниктер» болсо Соттук медициналык экспертизанын кызматкерлерин мажбурлап, корутундуну кайра жасатышкан. Андан ары кылмыштын бетин ачуу Каптагаевдин китебинде жазылган сценарий менен кетет. Эми Каптагаевдин фантазиясына таң берсе деле болот. Тим эле өзү ошол жерде карап тургандай, көргөндөй кылып жазган. Бул кылмыш ачыла электе эле ал кайдагы бир 2 генерал аларды кыйнаганын сүрөттөп жазган.
Андан ары алар дүйнөгө даңазалап өздөрүн пиар кылуу менен алектеништи. Турганбаевдин бандасы ишке киришип, канча жылдар бою наркотик, курал таштап, ар кимди шантаж кылып, карактоо менен алектенип келген ыкмасы менен ишти улантышты. Гестапонун ыкмасы менен иштешти.
Айтикеев А.: -Кандай мисалдарды келтире аласыз?
Бакиев Ж. С.: -Мисалга кармалгандардын бири Марат Турдукулов абдан катуу, мыкаачылык менен сабалган. Анын кабыргаларын сындырышып, ички органдарын талкалап салышкан. Катуу оорудан улам ал эсин жоготуп, анан “гестапочулар”тез жардам чакырууга аргасыз болушкан. Муну дагы тез жардамдын журналынан карап тактап алсаңар болот. Мындай кыйноолорду жасаганда ким болбосун өзүнүн жанын сактап калыш үчүн керек болсо 1 кылым мурдагы жасалган кылмышты да мойнуна алганга даяр болот. Балдар сынып калышты.
Дагы бир кызык жери, мен билгенден 28-30 адамга айып коюп жатышат. Мен түшүнбөйм, кантип бүтүндөй бир взвод кызматкерлерди катарга тизип алып ушундай адам өлтүрүүнү жасаса болот? Элестетип жатасызбы, бир взвод адам тизилип алып ушундай кылмышты жасап жатканын? Кээ бир соттолгондор бошонуп да чыгышты. Керек болсо менин айдоочумду, жан сакчымды дагы соттошту, кылмышты жашырдыңар деп. Алар эмнени жашырышкан? Кимден жашырышкан? Эмнени кимге айтпай коюшкан? Жооп жок.
Муну менен Турганбаев өзүнө арзан пиар жасап, кылымдын кылмышын ачкандай мактанып жүрөт. Кандай ачканын өзүнчө иликтеш керек. Ошондо эле айыпталуучулардын адвокаты Икрамидин Айткулов тергөө тобунун башчысы Усупбаевге сот залынан суроо берип жатат: “Бул кылмыш боюнча кандай далилдериңер бар?” деп. Усупбаев жооп берип жатат: «Соттолуучулардын моюнга алган көрсөтмөлөрүнөн башка тергөөдө эч нерсе жок» деп. Мына, дагы бир жолу кайталайын: «Соттолуучулардын моюнга алган көрсөтмөлөрүнөн башка тергөөдө эч нерсе жок» деп жатат. Ал өзү мунун баарын моюнга алып жатат, албетте “временщиктердин” басымы менен сот баарын мыйзамсыз соттоп салды. Сотторго жасалган басым ачыктан-ачык эле көрүнүп турат. «Временщиктерге» айыптаган өкүм керек эле, анысын колго алышты. Бирок, Жогорку Соттун Конституциялык палатасы бул кылмышты иликтөөнүн өзүн мыйзамсыз деп корутунду чыгарды. Бул ишти ачкан да ГУБОПиК, иликтеген да, тергөөгө алган да ГУБОПиКтин тергөө бөлүмү, Эми ушул эле башкармалыктан сот жана прокурор дайындалса, 1937-жылдагыдай тройка болуп калмак. Тергөө ГУБОПко баш ийет, ал эми ГУБОП болсо ушул кылмыштын бетин ачуу менен алектенип, мунун баарын Турганбаев жетектеп жатат. Соттор бул спектаклди алып барууну каалабагандыктан, бир нече жолу отвод алышты.
Айтикеев А.: -Чек ара кызматынын мурдагы жетекчиси Замир Молдошев соттогу көрсөтмөсүндө Медет Садыркуловдун Кыргызстандан чыкканын жана киргенин Сизге кабарлап турганын айтты. Эгерде ошол чын болсо анда эмне максатта маалымат берүүсүн өтүндүңүз эле?
Бакиев Ж.С.: -Замир Молдошев менен мен кээде телефон аркылуу сүйлөшүп калчумун. Бирок Садыркуловдун чек арадан өткөнү боюнча эч кандай сүйлөшүү болгон эмес.
Азыркы бийлик деле чек арачыларга көп учурда ар кандай талаптарды коюп турат. Силер жакшы билесиңер, менин эки уулум чек арадан өтүп жатканда кармалган. 12 жаштагы Нурсултан менен Асылбекти жөн эле чек арадан өтүп бара жатканда кармашкан.
Уландысы кийинки санда
P. S. Кийинки сандарда Максим Бакиев менен болгон мамилеси, Максимдин былыктары, Анапияевдин өлүмү боюнча, министр Мелис Турганбаев жана анын ишмердиги, бийликтин мурдагы кошоматчылары, азыркы Атамбаевдин командасында жүргөндөр кандай кошомат кылгандары жана башка толгон-токой кызык маалыматтар тууралуу сөз болот.
Ошондой эле кийинки санда Жаныш Бакиевге “Медвежий услуга” көрсөтүп, пахта коюп жүргөн саясатчылар, чиновниктердин сүрөттөрү жарыяланат. Алсак: Геологияны мыкчып отурган Дүйшөн Зилалиев, Түркиядагы элчи Ибрагим Жунусов, акылдуу саясатчы Адахан Мадумаров, диплом чыры менен атагы таанылган Нурлан Төрөбеков, эртең-бүрсүгүнү өкмөттү башкарчудай болуп алкынып турган Аалы Карашев сыяктуулардын Жаныш Бакиев менен ар кайсы жерлерде эс алып түшкөн сүрөттөрүн жарыялайбыз.
Адилет Айтикеев Жаныш Бакиев Искра+2
(уландысы бар)

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *