Жапония “Манас” эл аралык аэропортунун жабдууларын жакшыртуу багытында 16 млн доллар өлчөмүндөгү гранттык каражат бөлөт

Жогорку Кеӊештин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитети «Бишкек шаарында 2015-жылдын 26-октябрында кол коюлган “Манас” эл аралык аэропортунун жабдууларын жакшыртуу” долбоору боюнча КР Өкмөтү менен Япония Өкмөтүнүн ортосундагы алмашуу ноталарын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Япония эле аралык кызматташтык агенттигинин (JICA) ортосундагы Гранттык макулдашууну ратификациялоо жөнүндө” мыйзам долбоорунун концепциясын жактырды. Бул тууралуу КР ЖК Басма сөз кызматы билдирди.

Эки тараптуу келишимге ылайык, Жапония Өкмөтү “Манас” эл аралык аэропортунун жабдууларын жакшыртуу багытында 16 млн доллар наркындагы гранттык каражатка 56 техника бирдигин сатып берүүгө тийиш. Бул долбоор Жапония эле аралык кызматташтык агенттигинин (JICA) тарабынан ишке ашырылат.

 

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *