Жарандар мыйзамсыз сакталган ок атуучу куралдарын өз ыктыярлары менен милиция бөлүмдөрүнө тапшырууда

Милиция кызматкерлери мыйзамсыз сакталган ок атуучу куралдарды ички иштер органдарына өз ыктыярлары менен өткөрүп берүү боюнча жарандарга түшүндүрүү иштерин жүргүзүшүүдө. Бул туурасында ИИМдин Басма сөз кызматы билдирет.

Ушул жылдын 19-декабрь күнү Ленин райондук милиция бөлүмүнө Арча-Бешик жаңы конушунун 30 жаштагы Ч.В. аттуу жашоочусу белгисиз үлгүдөгү тапанчаны 4 даана огу менен ыктыярдуу түрдө тапшырган.

Ошондой эле, 15-декабрда милиция кызматкерлерине Токтогул шаарынын 50 жаштагы И.Э. аттуу тургуну үйүнүн жанындагы арыктан таап алган “РЕRFECTRA-800” үлгүсүндөгү газ-травматикалык тапанчасын (жараксыз абалда) өз ыктыяры менен тапшырган.

Ушуга эле катар, аймактык милиция бөлүмдөрүнө Кочкор жана Жумгал райондорунун тургундары 9 бирдик мыйзамсыз сакталган ок атуучу куралдарды өз ыктыярлары менен тапшырышкан фактылар катталган.
Ал эми Октябрь РИИБнин кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иштеринин негизинде 25 жаштагы У.А. аттуу жаранга өздүк кароо жүргүзүшүп, натыйжасында жанынан “МР-371” үлгүдөгү тапанчасы табылып алынган.

Алынган ок атуучу куралдар тиешелүү экспертизаларга жөнөтүлүп, иликтөө иштери жүрүп жатат.

ИИМ эскертет: Эгерде жаран ок атуучу куралдын ээси болбосо, сактаганга жана колдонгонго уруксат берилбейт. Тез арада куралды укук коргоо органдарына тапшыруу керек. Тапшырбоо учурунда жаран административдик же кылмыш жоопкерчилигине кириптер болот.

Ал эми катталбаган курал-жарактарды, окторду, жарылуучу заттарды өз ыктыяры менен тапшыргандар кылмыш ишине тиешеси жок болсо, анда кылмыш жоопкерчилигинен бошотулат.

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *