Жараткан ЖЭБди бул жолу сактады. Эртең эмне болоор экен?

Бишкек ЖЭБдин  өткөн кычыраган кыштагы кыйроосунан дээрлик бир жылдан кийин анын казандарын дагы жарым күнгө токтотууга туура келди. Анткени жаңы опурталдуу коркунуч келип чыккан. Дагы жакшы, сырттагы абанын температурасы нөлдөн жогору болуп турат. Жаңы кризистик кырдаал эмнени айтып турат?

Бул биринчи кезекте кыязы, ЖЭБдин быйылкы кышка начар даярдалганынан болдук окшойт. Вице-премьер Кубатбек Боронов президенттин: “ЖЭБ даярбы?”- деген суроосуна жооп берип жатып, “кудай буюрса, жылуулук берүү сезонунан чыгып кетебиз”, – дегенден башка жооп айта алган жок. Президент да мындай жоопту кабыл алды.

Анан эле күтүлбөгөн штаттан тышкаркы кырдаал келип чыкты: казандарга суу берүүчү куурларды карап жүргөн адис алардын бири жакында жарылганы турганын байкаган. Ошол замат ЖЭБке вице-премьерге чейинки чондор учуп жетип келишкен. Кеп болгону узундугу 50 сантиметр келген участок туурасында жүрүп жаткандыктан, аны бүткүл ЖЭБди токтотпой туруп алмаштырууга мүмкүн эмес болуп чыкты. Начальниктер муну элге айтсакпы, айтпасакпы деп көпкө кеңешишти, бирок казандарды эч кимге билгизбей туруп токтотууга да мүмкүн эмес болуп чыкты – батареялардын муздай баштаганын шаардагылар бат эле билип, дүрбөлөң чыгып кетиши ыктымал болчу. Ошондуктан баарын ачык эле айтып жасоону чечишти да кийинки күнү кечке дейре куурду алмаштырып коюшту.

Бир жагынан былтыркы кыйроонун сабактары пайдасын тийгизди: ЖЭБдеги көйгөй ошол замат өлкө жетекчилигинин көңүл чордонунда болду, иш кыйроого жеткен жок. Башка жагынан алганда, ЖЭБдин эски бөлүгүн ремонттоого 2018-жылда 730 миллион сом чыгымдалган эле. Бул аз акча эмес,
туурабы? Мындай акчага куурларды жана башка бардык механизмдерди бир нече жолу текшерип чыгууга болмок. Эгерде куурда заводдон кеткен брак чыгып калса, – мындай боло жүргөн иш эмеспи, – жайында эле пландуу тартипте алмаштырып койсо болмок. Бирок бул иш жасалган эмес. Демек өкмөт да, энергетиктер да өткөн 2018-жылдагы кыйроодон сабак алышкан эмес. Өкмөт борбор калаанын эң маанилүү инфраструктурасын  кышка даярдоону тийиштүү көзөмөлгө ала алган эмес.

Арийне, чынын айтуу керек, мындай милдет оңой эмес. Анткени ЖЭБдин өнүгүүсүнө жыйырма жыл бою эч кандай каражат жумшалган эмес, демек, андагы бардык жабдуулар менен куурлардын жетер жерине жетип, чалдыбары чыкканы таң калыштуу эмес. Мындан төрт жыл мурдагы башталган реконструкция мөөнөтүндө башталган жана кырдаалды чоң аламааттан сактап калган мына ушул болду. Эгерде реконструкцияны дагы бир нече жылдарга создуктурганда, анда бүгүн балким, ал таптакыр иштебей калмак да, шаар тоңуп калмак.

Баса, кыштын аяктаарына дагы көп бар, бизди сууктар күтүп турабы, жокпу, аны бир Кудай билет. Ал азырынча ЖЭБди кыйроодон сактап калды. Бирок өкмөт жоопкерчиликтүү жана пландуу иштеп баштаарын ал күтүп отура бермек беле, аны ким айта алат?

Жекшенбек Абдысатаров

Булак: «Багыт»

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *