Жашабай жатып алыска качкан кыздар…

Милиция үстүбүздөгү жылдын 9-ноябрында Бишкек шаарынан дайынсыз жоголгон эки кызды Оштон табышты. Бул туурасында жоголгон окуучулардын биринин эжеси Мээрим Тургуналиева кабарлады.

– Мага Ош шаардык милициясынан чалышты. Алар Ош шаарында жүрүшүптүр. “Нур” мейманканасында түнөшкөн экен. Атасы Ошко жөнөп кетти. Экөөнүн тең саламатчылыгы жакшы. Башка маалыматыбыз жок! – деп кошумчалады Мээрим Тургуналиева.

Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын маалыматына таянсак, кыздар үй-бүлөсүнө таарынып, Ошко такси менен кетип калышыптыр. Кыздардын бири алтын чынжырчасын саткан. Дагы бир үйүнөн белгилүү жерде турган акчаны чөнтөккө сала чыккан. “Нур” мейманканасына 5200 сом төлөшкөнү да ачыкка чыкты.

Үстүбүздөгү жылдын 9-ноябрында 13 жаштагы Сезим Тургуналиева жана 12 жаштагы Азиза Мухамед кызы үйдөн чыккан боюнча дайынсыз кетишкен. Алардын телефондору дагы өчүп, мугалимдери кыздар ал күнү мектепке таптакыр келишпегендигин билдиришкен. Окуучулар Бишкек шаарындагы №28-орто мектепте окушчу.

Булак: “Майдан.kg”

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *