Жашы жете электердин никеси эмнеси менен коркунучтуу?

Үй-бүлө – коомдун бекем туткасы. Адам эр жетип, каалаган адистиги боюнча билим алып, андан кийин үй-бүлө курса, мындай адамдар өзүн гана эмес, өлкөнүн өнүгүшүнө да салым кошо алат. Ал эми жашы жетелекте зордук же күч менен үй-бүлө курулса анын натыйжасы кандай болот? Мына ушу тууралуу бизге Нарын облусундагы өкмөттүн ыйгарым укуктуу өкүлүнүн алдындагы методикалык билим берүү бөлүмүнүн башчысы Касымбек Мамытов  кенен айтып берди.

-Адам жашы жетелекте турмуш курганда социалдык жактан кандай терс жагдайларга туш болот?

— Жашы жете элек балдар баш кошуу эмне экендигин толук түшүнүүгө жөндөмсүз жана өз жашына байланыштуу никенин кесепеттерин толук түшүнө алышпайт, үй-бүлөлүк жана жубайлык милдеттерин толук аткара албайт деп эсептелет.

Дүйнө жүзүндө жашы жете элек курактагы никелер балдардын укуктарын орой

бузгандык деп санашат. Турмушка чыккан кыздар мектепке барганды токтотушат. Көп учурда окуусун кайра уланта алышпайт. Алар билим албай жана адистикке ээ болбосо, эң аз акы төлөнүүчү жумуштарда иштешет, натыйжада төмөн пенсия алышат. Бул болсо жашы жете элек жубайлардын көпчүлүгү жакырчылыкта жашоосун шарттайт, анткени жакшы жашоо үчүн өздөрү иштеп табуу мүмкүнчүлүктөрү чектелүү болот.

-Эми бул маселенин укуктук жагын айтып берсеңиз?

— Зомбулук, экономикалык көз карандылык, кодулоо, басынтуу, мажбурлаган жыныстык мамилелер, укугунун жоктугу – булардын баары күйөөсүнүн үй-бүлөсүндө жашы жете элек кыз туш боло турган көйгөйлөрдүн толук эмес тизмеси. Көп учурларда мындай никелер ажырашуу менен аяктайт жана жаш кыздарды кичинекей балдары менен үйлөрүнөн кууп чыгарышат, алар үй-жайсыз, жашоого каражатсыз калышат. Ошентип, жашы жете электердин никеси кыздардын билим алуусуна жана өнүгүүсүнө терс таасир тийгизет. Алардын жана балдарынын ден соолугу опуртал абалда болот. Жашы жете элек жубай-жаш кыз – бул мүмкүнчүлүктөрү эч качан ишке ашпай турган бала. Кыргызстанда жашы жете электе турмушка чыккандар бардык аймактарда, үй-бүлөнүн жашоо абалынын деңгээлине карабастан бардык этностук топтордо кездешет. Биздин өлкөдө жашы жете электердин никелери мажбурлап никеге тургузуу, кыз ала качуу жана көп аял алуу сыяктуу туура эмес иштер менен байланышкан.

-Бул күйгөй боюнча мыйзамдарда эмнелер каралган?

— Кыргыз Республикасынын Балдар жөнүндө кодекси жана башка ченемдик укуктук актылар тарабынан 18 жашка толо электер жашы жете электер деп таанылат. Ошондой эле Үй-бүлө кодексинде никеге туруунун эң төмөнкү курагы 18 жаш деп бекитилген.  Кылмыш-жаза кодексинде никеге туруу мыйзамын бузгандыгы үчүн жоопкерчилик каралат. Алсак, он жети жашка толо элек адамды  никелик мамилеге мажбурлоо – беш жылга чейин эркиндиктен ажыратуу менен жазаланат. Ошол эле курактагы адамды никелик мамилеге өтүү үчүн уурдаган (ала качкан) учурда – ал он жылга чейин эркиндигинен ажыратылат. Кылмыш-жаза кодексинде он алты жашка толо элек адам менен жыныстык катнаш жана сексуалдык мүнөздөгү башка аракеттер үчүн үч жылга чейин эркиндигинен ажыратуу каралган.  Ушул эле кодексте жашы жете элек адамдардын ата-энесинин, аларга карата никеге туруу диний каадасын жүргүзгөн адамдардын, жашы жеткен күйөөсүн үчтөн беш жылга чейин эркиндигинен ажыратуу да көрсөтүлгөн.

-Бирок жашы жетелектердин никеси тууралуу элдин оюн иликтеп көрдүңүздөрбү?

— Кыргызстандын Улуттук статистикалык комитетинин изилдөөсү көрсөткөндөй, калк нике курагы жөнүндө толук маалыматты билбейт. Атап айтканда, изилдөөнүн ар бир алтынчы катышуучусу (17% аялдар жана 16% эркектер) адамдардын никеге тура алган жаш курагын туура айта алышкан эмес. Сурамжылоонун катышуучуларынын теңинен көбү (56% аялдар жана 55% эркектер) кыздарын жашы жете элек куракта турмушка берген ата-энелерге карата мамлекет чара көрүүгө тийиш деп эсептешет. Айыл жергесинин тургундары шаардыктарга караганда кыздарын жашы жете элек куракта күйөөгө берген ата-энелерге карата мамлекет тарабынан чара колдонулушун белгилешкен (тиешелүүлүгүнө жараша 59% жана 49%). Аймактар боюнча балдарын жашы жете элек куракта күйөөгө бергендиги үчүн ата-энелерге чара колдонулушун айткан аялдардын көп үлүшү Баткен (73%), Ысык-Көл (76%) облустарына жана Ош шаарына (71%) туура келген. Өтө жакыр үй-бүлөлөрдүн мүчөлөрү башка үй-бүлөлөргө караганда мындай чаралардын колдонулушун көбүрөөк белгилешкен (48%га каршы 63%).

-Жашы жетелектердин никеге туруусун жоюу үчүн катардагы адам кандай аракет кыла алат?

— Практика көрсөткөндөй, жогорку класстын окуучуларынын басымдуу бөлүгү нике мыйзамдары, никеге туруунун эң төмөнкү курагы жөнүндө, ошондой эле 16 жашка чыга электер менен нике мамилелерин түзгөндүк үчүн жоопкерчилик туурасында маалыматтары жок. Эрте турмушка чыгуу жана бала төрөө кандай терс кесепеттерге алып келе турганын алардын көбү билбейт. Ошол эле учурда көпчүлүк мугалимдер жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү эрте турмушка чыгуунун кесепеттери жөнүндө жакшы маалымат алышкан, алардын айрымдары андай тойлордо жана баш кошуу салтанатында конок болуп да барышат.

Бүгүнкү күндө ар бир мамлекеттик кызматчы, мугалим, социалдык кызматкер же дарыгер 18 жашка чейинки адамдардын катышуусу менен болгон никелер жөнүндө укук коргоо органдарына билдирүүгө милдеттүү, жашы жете электерге карата диний каадаларды жүргүзүү кылмыш болуп саналат.

Булак: “ПолитКлиника”

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *