ЖЭБ боюнча  «Улуттук энергохолдинг» компаниясынын мурдагы төрагасы Айбек Калиев суракка алынууда

Бүгүн, 6-ноябрда, Свердлов райондук сотунда Бишкек ЖЭБнин модернизациялоо боюнча С.Исаков, Ж.Сатыбалдиев, О.Лаврова, О.Артыкбаев, А.Калиев, С.Авазов, Ж.Назаров, Т.Бримкуловдорго карата кылмыш ишинин кезектеги сот отуруму болууда. Экс-премьер-министрлер Жантөрө Сатыбалдиев менен Сапар Исаков жана мурдагы энергетика министри Осмонбек Артыкбаев суралып бүттү. Бүгүн кезек  «Улуттук энергохолдинг» компаниясынын мурдагы төрагасы Айбек Калиевге келип, ал сурак берүүдө.

Эске сала кетсек, 2018-жылдагы кышкы чилдеде, ЖЭБде авария болуп, Бишкектин тургундары бир жума бою жылуулуксуз калган. Үшүп калган эл андагы аткаминерлерди катуу сынга алып, алардын жоопко тартылышын талап кылган. Ошондон улам, териштирүү болуп, оңдоп-түзөө иштеринде коррупция бар экени аныкталып, биртоп адамга кылмыш иши козголгон. Бир гана мурдагы финансы министри Ольга Лаврова үй камагына чыгып, калганы камакта калган. Алар: экс-премьер-министрлер Сапар Исаков, Жантөрө Сатыбалдиев, мурдагы энергетика министри Осмонбек Артыкбаев, «Улуттук энергохолдинг» компаниясынын мурдагы төрагасы Айбек Калиев, анын ошол кездеги орун басары Жолдошбек Назаров, «Электр станциялары» ишканасынын мурдагы жетекчиси Салайдин Авазов жана ЖЭБди модернизациялоо долбоорунун мурдагы аткаруучу директору Темирлан Бримкулов. Булардын баарына«Коррупция» жана «Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу» беренелери менен айып тагылган.

Булак: Kyrgyztoday.kg

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *