Сапар Исаков, экс-премьер-министр: “Бизге иштин материалдары менен байланышы бар кишилер керек, а бу кишилер эмнени айтмак эле?”

Бүгүн Бишкектин Свердлов райондук сотунда Бишкек ЖЭБди модернизация боюнча С.Исаков, Ж.Сатыбалдиев, О.Лаврова, О.Артыкбаев, А.Калиев, С.Авазов, Ж.Назаров, Т.Бримкуловдорго карата кылмыш иши боюнча сот отуруму өтүүдө.

Отурум башында прокурор Мамлекеттик курулуштун адиси Г.Асанованын ордуна Мамлекеттик экспертиза департаментинин башчысы Сүйүнбай Арабеков менен юристти укса болорун айтты. Аларды Мамкурулуш атайын сотко жиберген экен.

Сотто Сапар Исаков: “Бизге иштин материалдары менен байланышы бар кишилер керек, а бу кишилер эмнени айтмак эле?” – десе, Айбек Калиев: “Менин жактоочуларым Асанова менен Абдиевге  жеке өздөрү чакырма жеткирип барышкан”, – деди. Ал эми Жантөрө Сатыбалдиев методологиясын иштеп чыккан кишилер көрсөтмө бериши керектигин айтты.

Сот келген өкүлдөрдү да угаарын билдирди.

Эскерте кетсек, 2017-жылы, кышында ЖЭБдеги авариядан улам Бишкектеги эл бир жума жылуулуксуз калып, бийликке нааразы болушкан. Иштин чоо-жайын териштирүүдөн кийин, оңдоп-түзөө иштеринде коррупция бар экени аныкталып, кылмыш иши козголгон.  Ал ишке байланыштуу мурдагы өкмөт башчылар Сапар Исаков, Жантөрө Сатыбалдиев, мурдагы энергетика министри Осмонбек Артыкбаев, «Улуттук энергохолдинг» компаниясынын мурдагы төрагасы Айбек Калиев, анын ошол кездеги орун басары Жолдошбек Назаров, «Электр станциялары» ишканасынын мурдагы жетекчиси Салайдин Авазов жана ЖЭБди модернизациялоо долбоорунун мурдагы аткаруучу директору Темирлан Бримкулов камакка алынган. Мурдагы финансы министри Ольга Лаврова болсо үй камагында. Аты аталгандарын баарына «Коррупция» жана «Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу» беренелери менен айып тагылган.

Булак: KyrgyzToday.kg

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *