Жээнбеков: Башкы прокуратура ишин натыйжалуу аткара албай жатат

«Башкы прокуратура коррупцияга каршы күрөштө улуттук координатор болуп саналат, бирок азыркы учурда бул милдетин натыйжалуу аткара албай жатат» деп билдирди бүгүн мамлекет башчы Сооронбай Жээнбеков Коопсуздук кеңешинин жыйынында.

“Коррупцияны алдын алуу маселесинде дале болсо бирдиктүү аракет болбой, ички карама-каршылыктар, мамлекеттик эмес, ведомстволук гана кызыкчылктар корголууда. Мыйзамсыз жана негизсиз текшерүүлөр көп” деди президент.

Мамлекет башчы ошондой эле “2016-жылы прокуратура 8877 текшерүү жүргүзүп, анын 8% боюнча гана кылмыш иш козголгон. Козголгон иштердин 50% гана сотко өткөн. Жүргүзүлгөн текшерүүлөрдүн болгону 1,6% боюнча гана сот тарабынан айыптоо өкүмү чыккан, анын ичинен 8 эле иш боюнча айыпталуучу эркинен ажыратылган” деген статистиканы келтирди.

Коопсуздук кеңешинин бүгүнкү жыйынында сот, прокуратура, күч жана коопсуздук органдарынын иши каралып жатат.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

1 ой-пикир

  • Генпрокуратураны ГКНБны финполду налоговыйды ИИМди Таможня жана башка ушуга окшогон кызматтардын озулорун текшерген атайын кызмат ачыш керек только ушуларды текшерген буларды эч ким текшербестен ошон учун коррупция токтобой жатат булар озулору куну туну уктабастан олкодо коррупция болсо экен деп кудайдан тилеп чыгышат себеби ошондо гана булар кымбат машина элитка жана башкаларга жетишет башында катуу келишет коркутушуп кийин акчасын алганда арзыбаган эле иш экен деп кетишет

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *