Сооронбай Жээнбеков ЕАЭБ ичиндеги тоскоолдуктар боюнча сотко кайрылуу маселесин көтөрдү

Мамлекет башчы Сооронбай Жээнбеков Евразия Экономикалык Биримдигинин ичиндеги (ЕАЭБ) тоскоолдуктар алынбаса сотко кайрылуу мүмкүнчүлүгүн караштыруу маселесин көтөрдү.

Бул тууралуу ал 19-майда уюмдун курамындагы мамлекеттердин онлайн жолугушуусунда айтты.

Президенттин басма сөз кызматы тараткан маалыматта «Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) тоскоолдуктарды жоюу боюнча чечимдерин кээ бир мүчө мамлекеттер толук аткарбай жатканын белгилөө менен, мамлекет башчы ЕЭК Коллегиясына тоскоолдуктарды жойбогондорго карата айыппул санкцияларын колдонуу тууралуу ЕАЭБдин сотуна кайрылуу укугун берүүнү сунуш кылды» деп айтылат.

Кыргыз президенти бүгүнкү шартта ЕАЭБдин ичинде товарлардын эркин жүрүшү азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылыш үчүн актуалдуу болуп калганын белгиледи.

Ошону менен катар ал «биринчи керектелчү өндүрүмдү жеткирүүдө «жашыл коридор» түзүү жөнүндө макулдашууга жетишкенбиз. Ага карабастан, биримдиктеги айрым мамлекеттер көзөмөлдү күчөтүп, азык-түлүктү жеткирүүгө чектөөлөр киргизилүүдө» деди.

Жээнбеков Евразия экономикалык комиссиясынын коллегиясынын ыйгарым укуктары жетишсиз болгондуктан тоскоолдуктарды жоюунун механизмдери натыйжасыз болуп жатканын айтты.

Евразия Экономикалык Биримдиги (ЕАЭБ) 2010-жылы Беларустун, Казакстандын жана Орусиянын Бажы биримдиги катары түзүлгөн. Кийин 2015-жылы бул уюмга Армения менен Кыргызстан кошулган.

Кыргыз өкмөтү ЕАЭБге мүчө болгондо төрт эркиндик берилерин, алар – жарандардын, товардын, тейлөө кызматтарынын жана капиталдын беш өлкө аймагында тоскоолдуксуз жүрүшү экенин жарыялаган.

Уюмдун ичинде фитосанитардык нормалар жана талаптар бар.

Соңку жылдары ЕАЭБге мүчөлүк Кыргызстанга пайда алып келбегени тууралуу пикирлер парламентте айтылып, уюм ичиндеги пикир келишпестиктер тууралуу өкмөт да билдирүүдө.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *