Президент Жээнбековду сотторго буйрук берүүгө түртпөш керек

Атамбаев каматкан саясатчылардын жакындары, Сооронбай Жээнбековдон актап чыгарып берүүсүн талап кылышууда. Эгер алардын талабы аткарылбаса, анда президентке ишенбей тургандыктарын билдире башташты. Бул эмне деген шумдук. Сооронбай Жээнбеков, соттордун ишине кийлигишпей тургандыгын билдирген. Фанаттардын койгон талаптарын аткарбай койсо эле Президент ишеничтен кетип калабы? Ушундай илдеттен арылыш керекпиз.

Президентти сотторго буйрук берүүгө түртпөшүбүз керек. Учурда коррупцияга каршы күрөш жүрүп баштады. Жээнбеков менен Атамбаевдин ортосундагы пикир келишпестиктер эле коомчулукту дүрбөлүңгө салганы болбосо, калган иштер өз нугунда жүрүп жатат. Ии, баса, Асылбек мырза менен Алиярбек мырзаны да тыйыш керек. Калганын убакыт көрсөтөт. Сооронбай Жээнбеков өлкөнү өзү эле башкара алаарын көрсөттү. Болбосо президенттик шайлоого чейин аны, “кантип президент болот” – деп таң калгандар көп болчу. Азыр алардын ооздору жап болду…

Булак: “Ачык саясат”

1 ой-пикир

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *