Жеке каражаты менен 3 унааны баш байгеге сайган Кожобек Рыспаев

Быйыл кадимки Кожомкул балбандын 130 жылдыгы 29-30-июнь күндөрү Суусамыр өрөөнүндө өткөнү турат. Демилгечи топтун башында Суусамырлык депутат Кожобек Рыспаев экенин билдик. Кыргыздан чыккан чыгаан балбандын тоюна президент Сооронбай Жээнбеков фондунан 400 миң сом, өкмөт башчынын фондунан 300 миң сом жана спикердин фондунан 200 миң сом бөлүнгөнү маалым болду.

Кожомкул балбандын 130 жылдыгын татыктуу өткөрүү үчүн азыр тиешелүү комиссия күнү-түнү иш алып барышууда. Кыргыздын улуттук оюндарына баш аягы жалпы 7 унаа баш байгеге коюлганы маалым болду. Ал байгеге бериле турган 7 унаанын үчөөсүн ЖК депутаты Кожобек Рыспаев жеке каражаты менен салып берип атканын угуп кубандык. Элдик уул деген ушундай болот. Кожомкул балбандын арбагы ыраазы болсун Кожокебизге!

Булак: “Де-Факто”

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *