Женгиз Камиль Фырат, Кыргызстандагы Түркиянын толук жана ыйгарым укуктуу элчиси: “Түркия Кыргызстанда чоң долбоорлорду мындан ары да ишке ашырат”

Кыргызстан менен Түркия тили, диний көз карашы, каада-салты, байыркы тарыхы окшош боордош эки өлкө. Кыргызстандын эгемендүүлүгүн биринчи болуп Түркия тааныса, Кыргызстан Түркияны эл аралык деңгээлде колдоп, санаалаш катары карап келет. “Жаңы Ордо” гезити кыргыз-түрк кызматташтыгынын өнүгүү мүмкүнчүлүктөрү тууралуу Түркия Республикасынын Кыргызстандагы толук жана ыйгарым укуктуу элчиси Женгиз Камиль Фырат мырзага суроолорду узатты.

 - Урматтуу элчи мырза, сиз бүгүнкү күндөгү кыргыз-түрк алакаларына кандай баа берет элеңиз?

— Сөзүмдү баштардан мурда элчилигибизге баш баккандыгыңыздар үчүн сиздерге жана окурмандарыңыздарга ыраазычылык билдирип кетким келет. Түркия менен Кыргызстандын ортосундагы мамилелерге көз жүгүртө турган болсок, соңку жылдары өнүгүү жолунда бараткандыгын көрө алабыз. Былтыркы жылы эки өлкөнүн башчылары эң кеминде төрт жолу жолугушту. Түркиянын мамлекет башчысы урматтуу Эрдоган мырза 2018-жылы сентябрда Кыргызстанга келгенде үч жарым күн мейман болуп кетти. Эрдоган мырза Кыргызстанга келген учурда президент С. Жээнбеков менен жолукту. Мындан тышкары Чолпон-Ата шаарында Бүткүл дүйнөлүк III көчмөндөр оюнуна жана Түрк кызматташтык кеңешинин саммитине катышты. Мамлекет башчыбыз Кыргызстанга жасаган иш сапарынын алкагында саясый, экономикалык, соода-сатык, маданият жана гуманитардык чөйрөлөрдү камтыган бир катар документтерге кол коюлду.

Мындан тышкары эки өлкөнүн парламенттеринин ортосунда да байланыштар өнүгүп келатат. Өткөн жылы Кыргызстандын Жогорку Кеңешинин төрагасы расмий сапар менен Түркияга барып келди эле, андан кийин Түркиянын Улуу Улуттук жыйынынын ошол учурдагы төрагасы Биналы Йылдырым мырза да Кыргызстанга расмий сапары менен келип кеткен. Ошондой эле эки өлкөнүн парламенттеринин ортосунда достукту чыңдоо максатында достук топтору түзүлгөн. Мисалы, бүгүн эле Түркия тараптан теңтөрага болгон Сабри Өзтүрк мырза менен телефон аркылуу сүйлөштүм. Ал жыл сайын ушундай достук сапарларын уюштуруп туралы деген макулдашуу түзүлгөндүгүн айтты. Кудай буюрса, жакын арада Түркиядан Кыргызстанга, Кыргызстандан Түркияга парламент мүчөлөрү келип-кетип турушмакчы. Буга кошумча эки өлкөнүн ортосунда түзүлгөн Жогорку деңгээлдеги стратегиялык кеңеш бар. Бул кеңештин курамында да эки өлкөнүн парламент мүчөлөрү болсун деген каалоо-тилек айтылды.

Буюрса, быйыл июль айында эки өлкөнүн ортосундагы Соода жана экономикалык кызматташтык комиссиясынын жыйыны өтмөкчү. Акыркы жолу 2014-жылы өткөн Комиссиянын жыйынын быйыл кайрадан жогорку деңгээлде өткөрүү пландалып жатканын эске алганда деле ортобуздагы мамилелердин өнүгүү жолунда экендигинин байкоого болот.

— Түркия бүгүнкү күндө экономикалык жактан өсүп, бүтүндөй Азия чөлкөмүндө экономикалык көрсөткүчтөр боюнча алдыңкы орундарды ээлеп келет. Ал эми Кыргызстандын экономикасы колдоого муктаж. Ушул багыттагы кызматташтыктар кандай өнүгүүдө?

— Ооба, бул багытта да бир топ инвестициялык пландар бар. Өзүңүздүн деле кабарыңыз болсо керек, эки ай мурда Түркиянын Биржалар жана Палаталар Ассоцияциясынын төрагасы урматтуу Рыфат Хисаржыклыоглу Кыргызстанга жумушчу сапары менен келип, Кыргызстандын президенти С. Жээнбеков жана Соода өнөржай палатасынын төрагасы М. Шаршекеев менен жолукту. Анда быйыл жай же күз айларында Кыргызстанда чоң инвестициялык форум өткөрүү макулдашылды. Бул иш чарага бир эле Түркиядан эмес, башка өлкөлөрдөн да инвесторлорду катыштыруу максатын көздөп жатабыз. Себеби Рифат Хысаржыклыоглу бир эле Түркияда эмес, Европа аймагында да бир топ биржа жана палаталар ассоцияциясынын теңтөрагасы же төрагасынын орун басары болуп саналат. Мындан тышкары Азия жана Тынч океан аймагын камтыган экономикалык ассоциациянын төрагасы, Ислам кызматташтык уюмунун алдында да бир экономикалык уюмдун жетекчиси. Жакында өзүм жогоруда айтылган Кыргыз-Түрк өкмөттөр аралык комиссиясынын Кыргызстан тараптан төрагасы вице-премьер-министр К. Боронов менен жолугуп, ал жыйындын күн тартибин чогуу талкуулоону көздөп жатам.

Кыргызстандын президенти С. Жээнбеков тарабынан аймактарды өнүктүрүү жана санариптештирүү жылы деп жарыялангандыгына байланыштуу биз ушул маселеде да колдоо көрсөтүүнү көздөп жатабыз. Демек, Түркия Кыргызстандын аймактарына инвестицияларды тартмакчы. Башкача айтканда, келе турган инвесторлорду бир гана Бишкек, Чүй, Ош менен чектелбей, Талас, Баткен, Нарын, Ысык-Көл, Жалал-Абад аймактарына көбүрөөк көңүл бургула деп аларды шыктандырып атабыз. Мисал катары айта турган болсок, Кыргызстандын мал чарбасына көңүл буруп, эттин сапатын жогорулатуу менен базарга чыгаруу маселеси боюнча заманбап мал соючу жана малды кармоочу жайларды куруу үчүн Нарынга көбүрөөк көңүл бурулууда. Мындан тышкары бал өндүрүүчүлөр менен иштеше турган инвесторлорду Ысык-Көлгө багыттап атабыз. Күнөскана жаатында иштеше турган инвесторго Талас аймагын сунуш кылуудабыз.

— Түркиянын медицина тармагы да жогорку деңгээлде өнүккөн эмеспи. Ооруп-сыркаган кыргызстандыктар Түркиядан бекер дарыланып келип атышты эле. Ушул багытта да иштер улануудабы?

— Туура айтасыз, мурдатан эле Түркиядан кыргызстандыктарга акысыз дарылануу үчүн атайын орундар бөлүнүп келген. Саламаттыкты сактоо министрлиги 100 кишиге, ал эми Куралдуу күчтөрү 30 кишиге даарылануу мүмкүнчүлүгүн берген. Өткөн жумада дагы бир кошумча келишимге кол коюлду. Ага ылайык, 2019-жылдан тартып ал орун 180 кишиге көбөйдү. Анын 150сү катардагы жарандарга, калган 30у аскер кызматкерлеринин бекер дарылануусуна берилген.

Ал эми Бишкекте курулушу бүткөн Кыргыз-Түрк “Достук” ооруканасы азыр техникалык жактан жабдылып жатат. Ушул иштер бүтсө, баарыбыз анын расмий ачылышына күбө болобуз. Бул жерде баса белгилей кетүүчү жагдай, жыл сайын Түркияга дарылануу үчүн барган кыргызстандык жарандар ар кандай кыйынчылыктарга туш болушууда. 72 орунга ылайыкташкан Кыргыз-Түрк “Достук” ооруканасы жана андан мурда Ошто пайдаланууга берилген 60 жана 200 орундуу ооруканалар толук иштей баштаса, Түркияга барып, ашыкча чыгымга учурап аткан кыргызстандыктар үчүн бул жерде эле жогорку деңгээлде дарыланууга шарт түзүлмөкчү.

ТИКА деген ат менен элдин калың катмарына таанылган Түрк кызматташтык жана координациялык уюму да Кыргызстандын аймактарында бала бакча жана бейтапканаларды курууну улантып жатат.

— Түркия Кыргызстандын билим берүү тармагында да бир топ долбоорлорду ишке ашырып келүүдө. Ушул жагдайга да токтолуп өтсөңүз.

— Жакшы болот. Өзүңүздөр жакшы билгендей, Кыргыз-Түрк “Манас” университети эки өлкөнүн достугу менен кызматташтыгынын көпүрөсү болуп саналат. Бүгүнкү күнгө чейин бул окуу жайды жети миң бүтүрүүчү аяктады. Учурда алты жарым миң студент билим алууда. Кыргыздар менен сүйлөшүп калганда аталган университеттин сапаттуу билим бергендигин көп айтышат. Андыктан мен элчи катары колдон келишинче көмөгүмдү көрсөтүп келатам.

Мындан тышкары “Анадолу” лицейи жана “Анадолу” кыздар кесиптик лицейи да ийгиликтүү иштеп келатышат. Быйылкы жылы бул эки окуу жайдын окуучулары көптөгөн байгелүү орундарды ээлешти.

Түркияда билим алууну каалаган студенттерге Чет өлкөдөгү түрктөр жана тектеш коомчулуктар башкармалыгы (YTB) бекер стипендия берип келет. Кыргыз жаштары негизинен бакалаврият, магистратура жана аспирантурага сынак тапшырышат. 2018-жылы ушул экзаменден 82 кыргыз абитуриенти өттү. Быйыл бул санды эки эсе көбөйтөлү деген план бар.

— Элчи мырза, Түркиянын “Маариф” билим берүү тармагы Кыргызстанда ачылат деп айтылып келет. Бул долбоор качан ишке ашат?

— Учурда Кыргызстандын тиешелүү мекемелери менен бул багытта сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Келишимге ылайык, “Маариф” фонду даяр имаратты алып, ага Түркиядан заманбап жабдыктарды алып келет же жер тилкесин алып, ал жерге жаңы имарат курат. Ал эми мугалимдер бир эле Түркиядан келбестен, дүйнөнүн башка мамлекеттеринен жана Кыргызстандан да тартылат. Билим берүүдө Кыргызстандын программасы колдонулмакчы. Окуу кыргыз, түрк, орус жана англис тилдеринде жүргүзүлөт. Алгач Бишкек жана Ош шаарлары, андан соң башка аймактарда да ачылмакчы.

— Биз билгенден ТИКА уюму Кыргызстанга көп жардам берип келет. Мындан башка да инвестиция тарткан же гуманитардык жардам берген мекемелер барбы?

— ТИКАдан тышкары Кызыл ай коому, ар кандай жеке фонддор, Дин иштери башкармалыгыбыз, муниципалитеттер өз деңгээлинде Кыргызстанга көмөк көрсөтүп келишет. Мындан тышкары жогорку окуу жайлардын ортосунда да кызматташтык келишимдери түзүлгөн.

— Мамлекеттик тарых музейин оңдоо иштерин да Түркия колго алган болчу. Аткарылган иштер боюнча айтып өтсөңүз?

— Кыргыз тараптын өтүнүчү боюнча ТИКА уюму алгачкы этапта Мамлекеттик тарых музейинин сыртын оңдоп-түзөө иштерин, ички жасалгасын колго алган. Бирок кийинчерээк кыргыз бийлиги тарабынан музейдин ички жасалгасын эң кыска мөөнөттө бүтүрүү өтүнүчү болгон. Тилекке каршы түрк тарап ал белгиленген убакта сырткы оңдоо иштери менен ички жасалгасын кошо бүтүрүү мүмкүн эместигин билдирген. Мындай жоопту алган кыргыз тарап ички жасалганы өз алдынча, башка ишкана менен бүтүрүүнү чечкен. Кол коюлган келишимге ылайык, Түркия музейдин сырткы жасалгасын бүтүрүүнү моюнга алган. Ал эми ички жасалгасы кыргыз тараптын өз жоопкерчилигинде калган.

Түрк тарап Кыргыз-Түрк “Достук” ооруканасын, Борбордук мечитти кандайча толук бойдон бекер куруп, белгиленген мөөнөттө Кыргызстанга өткөрүп берсе, Мамлекеттик тарых музейинин сырткы жасалгасын, айланасын да толугу менен оңдоп берди. Эгер кыска мөөнөттө бүтүрүү талабы коюлбаса, музейдин ички жасалгасын да бүтүрүп бермекпиз.

— Жогоруда да айтып өттүңүз.Түркия өткөн жылы президент Эрдогандын катышуусунда бир эле Кыргызстандагы эмес, бүтүндөй Борбор Азиядагы эң чоң жана кооз мечитти пайдаланууга берди. Ушул мечитти куруунун мааниси жана максаты тууралуу да айтып өтсөңүз.

— Имам Сарахси атындагы бул мечитти куруу иштери кыргыз тараптын өтүнүчүнөн улам 2012-жылы башталган. Өз кезегинде мамлекет да чоң колдоо көрсөтүп, Түркиянын Дин иштери башкармалыгынын, Түркия диянет фондунун, түрк жарандарынын салымы жана каржылоосу менен курулду. Биз Кыргызстанды ата-бабаларыбыздын түпкү мекени болгон ата журтубуз деп эсептейбиз. Ошондуктан ата журтубузда узак мөөнөт элге кызмат кыла турган кооз имарат салынып калса деп тилек кылганбыз. Мечит селчуклу, осмон, акыркы Түркиянын архитектуралык өзгөчөлүктөрүн камтыйт. Кыргызстандык диний аалым болуп эсептелген Имам Сарахсинин аты коюлган бул мечиттин жума күндөрү элге толгондугу, эки боордош элдин ортосунда өзүнчө чоң бир көпүрө болгонун көрүп терең кубанычтабыз.

— Акырында гезитибиздин окурмандарына, жалпы эле кыргыз калкына кандай каалоо-тилектерди айтаар элеңиз?

— Эң оболу кыргыз эли менен Кыргызстан мамлекетине бейпилдик, ынтымак, өсүп-өнүгүүнү каалаймын. Боордош мамлекеттер катары Түркия менен Кыргызстандын достугу жана туугандыгы бекемделе берсин. Түркия мындан ары да Кыргызстанда чоң-чоң долбоорлорду ишке ашырууну, кыргыз элине көмөк көрсөтүүнү улантмакчы. Рахмат!

Маектешкен: Э. Досназаров

Булак: «Жаңы Ордо»

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *