Жеңиш Молдокматов, “Замандаш” партиясынын төрагасы: «Биздин эсеп боюнча Кытайдан алынган бир миллиард жети жүз миллион доллардын бир миллиардга жакыны уурдалган»

— Жеңиш мырза, сиз кыргыз саясатына так анализ жүргүзүп келаткан саясатчылардын бирисиз. Кечээ эле Бишкек шаарынын мэри Албек Ибраимов “Атамбаевдин командасына жана мага карата козголгон кылмыш ишинде саясий боёк бар” деди. Кытайдан алынган кредиттер мурунку бийлик учурунда уурдалганына көзүңүз жетеби?

— Учурда коррупция беренеси менен көп адамдар камакка алынып жатпайбы. Бул Коопсуздук кеңешинде Сооронбай Шариповичтин так тапшырма берип, чоң сын айтканынан башталды. Бүгүнкү күнгө карата он бешке жакын чоң саясий үлкөндөр, мамлекеттик кызматкерлер камакка алынды. Буларды саясий куугунтук болуп жатат деп айтканга кантип болсун? Депутаттык комиссия иштеп чыгып, анын жыйынтыгы менен адамдардын тизмеси да жазылып, андан кийин гана тергөө органдарына берилди. Кантип саясий куугунтук болуп жатат деп айтабыз, эгерде алты фракциянын депутаттары катышып, жалпы палатадан колдоп беришсе? Албек Ибраимов албетте өзүн акташ үчүн инструмент керек да. Анын саясий куугунтук болуп жатат, биз жакка кысым болууда дегени акыркы инструменти болсо керек. Эгерде кысым болсо, Албек мырза мэрлик кызматта отурбайт эле да. Албек Ибраимовдун жалгыз эле “Дастан” заводу эмес, “Манас” аэропортунда иштеп жаткандагы маселелерин көтөрүп чыкса бир топ маселе чыгып калышы мүмкүн. 2010-жылдан бери жалаң жылуу кызматтарда иштеп келди. Эч ким унчуккан эмес. Саясий куугунтук болуп жатат деп өзү куугунтукталып жаткан саясатчыларга карата өз оюн билдирген эмес. Анан өзүнө келгенде, иш ачылганда саясий куугунтук деп калганын кандай түшүнсө болот? Тергөө жыйынтыгын чыгарып, соттун өкүмү чыккандан кийин гана туура же туура эмес болгон деп айтабыз. 2010-жылдан бүгүнкү күнгө чейин эсептесек мамлекеттин тышкы карызы эле эки жарым миллиард долларга көбөйдү. Биз кеп кылып жатпайбызбы бир миллиард жети жүз миң доллар кредит алынды, төлөнүп бериле турган акча эки жарым миллиард доллар деп. Аны уурдагандар төлөбөйт, элдин эсебинен төлөнөт. Бүгүн дагы маалыматтар чыкпадыбы, түндүк-түштүк альтернативдүү жолунан эле 600 миллион долларга жакын акча уурдалып кеткен деп. Биз өзүбүзчө эсептеп көрдүк, Кытайдан алынган бир миллиард жети жүз миллион доллардын бир миллиардга жакыны уурдалган. Эмне үчүн биз миллиарддаган доллар уурдалып жатса, саясий куугунтук болуп жатат деп буларга боор тартышыбыз керек?! Уурдаганы чын болсо жооп беришсин. Эгер уурдаса орду түрмөдө болуш керек. Уурдаганы аныкталса мамлекетке келтирген чыгымдарды ордуна коюп, сөзсүз түрдө укуктук баа берилип, жазасын алыш керек.

Булак: “Жаңы ордо”

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *