Жеңиш Жоробековдон таяк жеген Алымжан Козубаев

Ак көйнөк, кыкынган галстук, костюм-шым… Же айымдарыбыздын маскачан жүзү… Дискомфорт… Булар зыңгырап жүрүшсө эле чийимдерден чыгышпагандай, пакиза адамдардай көрүнүшөт эмеспи. Жипке тизилген шурулардай элестейт эй. Тилекке каршы, чоң инсандардын да оомал-төкмөл жашоосу болорун унутпайлы. Биз айрым эски күндөрдөгү «жиндиликтерди» дейбизби, жаза тайган жармач ирмемдерби, айтор, ар кандай сейрек көрүнүштөрдү эске салмакчыбыз. Балким, суроолуу жылмаябыз. Бул турмуш да…

Бишкек ШИИБсинде Алымжан Козубаев бөлүм башчы катары иштеп калат. Бул доор Акаевдин бийлиги тушунда, Рысбек Акматбаевдин криминалдык режими күчөп турган чакка туш келет. «Атка жеңил тайга чак» Козубаев профессионал МЕНТ катары алдына киши салбасын билебиз, ошол эле Рысбек менен бир-бирге чыгып, бычакташканга чейин барышканы эсибизде. Полковник Мамадали Шакировду тынчыткан Алымжан баарын итере баштаганда, кол алдындагы Жеңиш Жоробеков менен кер-мур айтыша кетип, аныгында, таяк жеп калганын шаардагы өздүк курамдын мүчөлөрү божурашууда. Бишкек ШИИБнин алдынан эркекче разборка болуп, Жеңиш муштуму менен урганда Алымжан үч метр көтөрүлүп барып, чаңга оонап жатып калганы, ошол бойдон турбай атканда эптеп эсине келтиришкени азыр да күбөлөрдүн эсинде. Учурда экөө тең мыкты адамдар деңизчи, эми бул окуя 20 жыл мурда болгонун эске салып койдук.

Булак: “Азия Ньюс”

 

 

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *