Жер-элдин байлыгы экени чынбы?

Аттиң, бир карыш жерди көздүн карегиндей сактоого милдеттүү экендигибиз улам айкын байкалып жатат. Акыркы жылдарда ушул жердин азабынан чурулдашып эле миңдеген жарандардын соттошуп жүргөн ишине баарыбыз күбө болуп келатабыз. Бирок, ушул кезге чейин жердин маселеси оңгулуктуу чечиле элек. Мейли, чек арадагы жер боюнча талаш-тартыштар кылымдар боюу болору маалым. Ал эми өзүбүздүн жергебиздеги көйгөйлүү жер чатагын деги качан жолго салабыз? Төөнүн куйругу жерге тийгенде десек анда түк жылыш болбойт. Анткени муну акылман элибиз бекер жерден макалдатып айткан эместир?

Жакшы тилек менен бир кезде жүз гектарлаган жерди менчик ээлеринен сатып алган Карганбек Самаковдун башын да ушул жер жексен кылды. Канчалык анын арыгын чабайын дешсе да сот акең өз билгенин жасап, кайран жигитти түрмөгө отургузуп салды. Тилекке каршы Карганбектин элине кылган асыл иштери көз жаздымда калганына көпчүлүк эмдигиче кейип жүргөн кези. Ал эми жакындары, санаалаштары болсо үмүтүн үзбөй бийлик тарапка ыктайт. Албетте, учурда чоң иш-чараларды өткөрүү милдети тургандыктан мындай “майда” нерсеге азырынча убакыт бөлүнбөсүн сезип турабыз. Атасы эле эмес Самаковдун уулу да жазага тартылып кеткени албетте, өкүнтөт.

Жер-акча кылуунун амалына өтүп кеткенин билбеген жан жок. Далай жайлуу жерлерди болбогон акчага сатып алган байлардын эми гана жүрөктөрү солк эте түштү. Анткени билинбей эле жүргөн шылуундар укмуш бизнес жасаптыр жерден. Тың чыкмалардын эсебинде гектарлаган жери катталбаганы менен жакындарына тизмектелген жерлердин быкыйы улам чыгып жатканы жакшы жышаанбы, же кайра эле кармаш токтоп калабы? Муну эч ким аныктап айта албайт. Баса Игорь Чудиновдун мандаты да ушул жердин кесепетинен алынганын кыстара кетели. Ошондой чатактын этегине илештирип туруп кезинде Тайырбек Сарпашовду дагы кызматынан чегиндиришкен. Күрөшкөн “жоосу” кубаттуу болдубу, акыры аны жумушсуз калтырышты. Далайлары жер сатууга шектелип камалып да жатышат. “Буйруса” дагы шылуундук кылгандарды кекиртегинен сыйрытмакка илишээри турган иш.

Маселен, парламентте отурган депутаттардын кимисинде жер жок? Аны оңой эле эсептеп койсо болот. Бирок, кимисинин жери көп деген суроо берилсе упчу соргон баладай унчукпай калышаары чын. Алардын каерде, канча жери барын эсептеп чыгаруучу күч түзүмдөрү бар. Тилекке каршы бири тайке, экинчиси бөлө, дагы бири куда болуп калгандыгы ишти солгундатары деле белгилүү. Ошол бийик трибунада бакылдаган кишилердин башында чөп эмес төө көрүнүп калып жатпайбы, ботом! Мурда “үфф” деп үйлөгөндө сууну муз кылгандардын мышыгын айдоого кубат жетеби? Арийне, кызматтан тайгалангандар, же мурунку командада болгондордун былыктарын чыгаруунун азыр кезмети келип турат десек неге болбойт? Демек, ошолордун кезеги келип калгандыктан бүкүлдөп жатышканын туйбай калуу мүмкүн эместир? Айта берсек узун “жомокко” кирип кетебиз. Ошондуктан демибизди ичибизге катып сабыр кыла туралы? Негизи жер-элдин байлыгы экени ыраспы деген суроонун жообун кимдер, кантип берерин күтө турганыбыз оң.

Ж. Улукшер

Булак: Ачык сөз

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *