Жер көчкү Майлуу-Суу шаары менен Сары-Бээ айылын байланыштырган жолду басып калып, жол каттамы толугу менен буулуп калды

 

28-апрелде Майлуу-Суу шаарынын Түштүк Кара-Жыгач айылынын чыгыш тарабынан сүрүлгөн 7 млн. куб метр жер көчкү Майлуу-Суу дарыясын бөгөп, Майлуу-Суу шаары менен Сары-Бээ айылын байланыштырган 500 метр асфальт жолду басып калды жана жараксыз абалга келтирди. Бул туурасында ыйгарым укуктуу өкүлдүн басма сөз катчысы билдирди.

Отображается файл "Майлуу-Суудагы жер кочку 132.jpg"

Дагы көлөмү 7 млн. куб метрди түзгөн ири жер көчкү күн сайын 4-5 метрден акырындап жылып жатат. Түштүк Кара-Жыгач айылынан 23 үй-бүлө коопсуз жайларга көчүрүлүп, 17 үй-бүлө катуу көзөмөлгө алынгандгын КРнын ӨКМнин Жалал-Абад облусундагы башкармалыгынын калкты жана аймактарды коргоо бөлүмүнүн башчысы, лейтенант Алтынбек Токтоноев ырастады. Ири өлчөмдөгү жер көчкүнүн кесепетинен улам Майлуу-Суу дарыясында көлөмү 4 миң куб метрди түзгөн жасалма көл пайда болду. Майлуу-Суу шаары менен Сары-Бээ айылын байланыштырган 500 метр асфальт жолду жер көчкү жараксыз абалга келтирди. Азыркы учурда Сары-Бээ, Көгөй жана Көпүрө-Башы айылдарында жашаган 3200 адам Майлуу-Суу шаары менен байланыштырган жол каттамы жок калды. Учурда бул айылдардын жашоочулары адыр менен асканы аралап, жалгыз аяк жол менен жөө жалаңдап, ат жана  эшек менен тамак-аш азыктарын, күндөлүк керектелүүчү зарыл буюмдарды шаардан ташып кетип жатышат.

Отображается файл "Майлуу-Суудагы жер кочку 073.jpg"

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Кыянбек Сатыбалдиев, КРнын ӨКМнин Жалал-Абад облусундагы башкармалыгынын башчысы Абдишарип Бекилов, ДЭП –  22 жол тейлөө башкармалыгынын башчысы Рашид Курбанов, Майлуу-Суу шаарынын мэри Мурадил Маматов, Майлуу-Суу шаардык кеңешинин төрагасы Бекболот Барбиев жана Сары-Бээ аймактык башкармалыгынын башчысы Айдар Мамасалиев жер көчкүдөн улам убактылуу коопсуз аймактарга жана тууган-уруктарыныкына көчүп чыгышкан жергиликтүү жашоочулар менен жеринде жолугушуп, калкка кеңири түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү.

Отображается файл "Майлуу-Суудагы жер кочку 098.jpg"

-Сиздердин башыңыздарга түшкөн оор мүшкүлдү жакшы түшүнүп турамын. Ири көлөмдө түшкөн жер көчкү Майлуу-Суулуктарга чоң зыяндарды келтиргендигин жакшы билебиз. Быйылкы жаз айлары Кыргызстан боюнча оор сыноолорду алып келип олтурат. Өзгөн районунун Зергер айыл аймагына караштуу Аюу айылында жер көчкү 24 адамды басып калды. Ошондуктан сабырдуулук менен канаат кылалы. Сактанганды кудайым сактаптыр дегендей өзүбүзгө сак болуп, коопсуздукту катуу карманалы. Майлуу-Суу – Сары-Бээ жолун жолду куруучу адистер менен кеңешип, алардын пикирин угуп, атайын долбоордун негизинде курбасак болбойт. Ал эми азыркы тапта адамдар адыр менен асканы аралап өтүп жаткан жолдун энин 2 метрге кеңейтүүнү жергиликтүү бийлик башчыларына тапшырма катары милдеттендирдим. Антпесек кары-картаңдар менен кош бойлуу аялдардын бул жолдон өтүүсү өтө кооптуу,- деди ыйгарым укуктуу өкүл Кыянбек Сатыбалдиев.

Отображается файл "Майлуу-Суудагы жер кочку 103.jpg"

Майлуу шаарында 24500 калк жашайт. Майлуу-Суу шаардык кеңешинде 31 депутат бар. Табигый кырсыкка кабылган жергиликтүү калк облустук жана жергиликтүү бийликтин башчыларынын коопсуздукту сактоо боюнча койгон сунуш талаптарын түшүнүү менен кабыл алышты.

Отображается файл "Майлуу-Суудагы жер кочку 122.jpg"

Отображается файл "Майлуу-Суудагы жер кочку 133.jpg"

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *